Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков өзү менен иштей турган командасын түздү. Фарид Ниязов, Алмамбет Салиев, Асылбек Кожобеков — Жээнбековдун командасына дагы кимдер кошулду?

Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү. Ошол убакыттан бери Жээнбеков өзү менен иштей турган команданын курамын түздү.


Фарид Ниязов — президенттик аппараттын башчысы

Жээнбеков Ниязовду аппараттын башчылыгына 11-декабрда дайындады. Бул убакытка чейин Ниязов анын кеңешчиси болуп, ошондой эле, президенттик шайлоо учурунда Жээнбековдун штабын жетектеген.

Ниязов Жээнбековго чейинки мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин учурунда эки жылдай президенттик администрацияны жетектеген. Ошондой эле, ал беш жыл Атамбаевдин кеңешчиси болгон.

Анын саясий ишмердүүлүгү Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин тушунда эле башталып, Ниязов Тышкы иштер министрлигинин иш башкармачысы, вице-премьер-министрдин жардамчысы болгон. Ал эми кийинчерээк президенттин басма сөз кызматын жетектеген.

Курманбек Бакиевдин башкаруусу учурунда Ниязов эч кандай кызматты ээлеген эмес, бирок саясатка 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин кайтып келип, Убактылуу өкмөттүн маалымат-координациялык аппаратын жетектей баштаган.

Ниязов 2011-жылдагы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин шайлоо алдындагы штабын жетектеген.


Мухамметкалый Абулгазиев — президенттик аппарат башчысынын биринчи орун басары

Абулгазиевди бул кызматка 12-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дайындаган. Буга чейин ал президенттин кеңешчиси жана биринчи вице-премьер-министр болгон.

2017-жылдын январында Бишкекке жакын жердеги Дача-СУ кыштагына «Боинг-747» кыйрагандан кийин Абулгазиев кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча топту жетектей баштаган. Учактын кыйрашынын натыйжасында 39 адам набыт болгон.

Абулгазиев вице-премьерлик кызматка келгенге чейин 13 жыл Социалдык фонддо эмгектенген. Анын ичинде алты жыл аталган мекеменин төрагалык кызматын аркалаган.


Алмамбет Салиев — президенттик аппараттын башчысынын орун басары

Жээнбеков Салиевди өзүнүн администрациясынын жетекчисинин орун басарлыгына 11-декабрда дайындаган. Ага чейин бул кызматты мурдагы Билим берүү министрли Элвира Сариева аркалап турган.

Салиев өзүнүн эмгек жолун Ош облусунун милициясынан баштаган. Ал эми кийинчерээк үч жыл аралыгында облустук администрациянын коргонуу жана укук тартиби боюнча бөлүмүндө иштеген.

Ал 2012-жылы Ош облустук мамлекеттик администрациясынын коргонуу жана укук тартиби иштери боюнча бөлүмүн жетектей баштаган.

Төрт жылдан кийин Салиевди өкмөттүк аппараттын коргонуу, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар боюнча бөлүм башчысынын орун басарлык кызматына дайындашкан.


Толгонай Стамалиева — президенттин басма сөз кызматынын башчысы

Стамалиева президенттин басма сөз кызматын 10-ноябрда Атамбаевдин дайындоосу менен жетектей баштаган. Президенттик шайлоо учурунда ал Жээнбековдун штабында иштеген.

Жээнбеков премьер-министр болуп турган кезде ал бир жыл бою өкмөттүн басма сөз кызматын жетектеген.

Стамалиева өзүнүн эмгек жолун мамлекеттик «Кабар» агентигинин кабарчысы болуп баштаган.

Ошондон кийин ал Аскар Акаевдин жана Курманбек Бакиевдин маалымат кыматттарында иштеп, ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык бөлүмүн жетектеген.

Мындан тышкары, ал «Манас» аэропортунда басма сөз катчы болуп эмгектенген.

Ал эми 2009-жылы Стамалиеваны парламенттин басма сөз кызматынын башчысынын орун басарлыгына дайындашып, кийинчерээк ал бөлүмдү жетектей баштаган.

Эки жылдан кийин ал Борбордук шайлоо комиссиясына төраганын жардамсысы катары өткөн. Андан соң 2012-жылдан баштап үч жыл аралыгында парламенттин басма сөз кызматын жетектеген.


Асылбек Кожобеков — президенттин кеңешчиси

Кожобеков бул кызматка 11-декабрда дайындалды. Ал атайын кызматтарда (УКК, ал эми кийинчерээк УКМК) 19 жыл иштеген.

Ошондой эле, Кожобеков эки жыл аралыгында Кыргыз-славян университетинин алдындагы Стратегиялык анализ жана прогноз институтунун алдыңкы эксперт-аналитиги болгон.

Ал эми 2010-2013-жылдары Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон.


Жеңиш Разаков — президенттин кеңешчиси  

Разаковду бул кызматка 26-октябрда Алмазбек Атамбаев бекиткен.

Ал өзүнүн эмгек жолун ички иштер органдарында баштаган. 2011-жылы Разаков Баткен ОИИБнин начальниги болуп иштеп жүрүп, бир жылдан кийин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалып, бул кызматта беш жыл иштеген.

Разаков 2016-жылы чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп калган.


Муратбек Шайымкулов — президенттин дагы бир кеңешчиси

Шайымкулов президенттин кеңешчиси кызматын 27-ноябрдан баштап ээлеп калган. Ал буга чейин эле, Жээнбеков 2016-2017-жылдарда премьер-министр болуп турган кезде, анын кеңешчиси болгон.

2000-2005-жылдарда Шайымкулов парламенттин спикеринин кеңешчиси болуп иштеген. Кийинчерээк ал биринчи парламенттин, андан соң президенттик аппараттын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүндө эксперт болуп эмгектенген.

Шайымкулов 2009-жылы Кыргызстандын кулатылган президенти Курманбек Бакиевдин баласы Максим жетектеген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикте иштеген.

Апрель ыңкылабынан кийин ал Экономикалык анализ жана прогноздоштуруу институтун түзгөн.

Бирок 2012-жылы кайрадан парламенттин спикеринин кеңешчиси болуп калып, бул кызматта төрт жыл иштеген.


Эрнис Толтоев — президенттин жардамчысы

Толтоев 27-ноябрда Жээнбековдун жардамчысы болуп калган.

Толтоев, биринчи, Жээнбеков Ош облусунун губернатору жана өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматын аркалап турган кезде жана кийинчерээк ал премьер-министрликке дайындалган учурда, эки жолу анын жардамчысы кызматын ээлеген.

Толтоев өзүнүн эмгек жолун 2009-жылы Ош облусунун мамлекеттик администрациясында иштеп баштаган. Төрт жыл аралыгында ал мамлекеттик администрацияда — басма сөз катчы, билим берүү бөлүмүнүн алдыңкы адиси, өнөр-жай бөлүмүнүн алдыңкы адиси сыяктуу ар кандай кызматтарда иштеген.

Ал 2013-жылы Ош облусундагы Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айыл өкмөтүнүнүн башчысы болуп, бул кызматта үч жыл эмгектенген.

Ал эми 2016-жылы Толтоев КСДП партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып, бирок бул кызматта болгону эки ай иштеген, анткени кийин премьер-министрдин жардамчысы болуп калган.