Депутат Мирлан Бакиров Алтынай Өмүрбекованын ордуна парламенттин вице-спикери болуп калат

Парламенттин депутаттары «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакировду парламенттин жаңы спикери кылып шайлашты. Буга чейин бул кызматтан «Республика – Ата-Журт» фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова өз каалоосу менен кеткен.

Депутат Мирлан Бакиров парламенттин вице-спикерлик кызматына шайланды. Ал «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты.

Бакиров өзүнүн эмгек жолун Жалал-Абад облусунун салык кызматынын инспекторлук кызматынан баштап, жергиликтүү каржы башкармалыгынын бюджеттик бөлүмүнүн начальнигинин кызматына чейин көтөрүлгөн.

Ал эми 2010-жылы «Республика» партиясынын атынан парламенттин депутаты болуп шайланып, беш жылдан кийин «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутат болуп калган.

Алтынай Өмүрбекова

Бакиров вице-спикерлик кызматка «Республика – Ата-Журт» фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекованын ордуна келет. Ал бул кызматта бир жарым жыл иштеген соң өз каалоосу менен вице-спикерлик ыйгарым укуктарын тапшырган.


ТЕМА БОЮНЧА: