Казак кенчилери аз маянага каршы болушуп, шахталарга бекинип алышты

Иллюстративдик сүрөт

«АрселорМиттал Темиртау» казак ишканасынын 600дөн ашуун шахтачысы аз айлыкка каршы чыгышууда. Алар жумуш шарттарын шакшыртууну талап кылышып, пайдалуу кен өндүрүү жайларында бекинип алышкан.

Каршылык акциясы 11-декабрда Караганда облусунда башталган. Башында каршылык акциясына жумуш бүткөндө иштөө жайларынан кетүүдөн баш тарткан 200гө жакын адам катышып жаткан.

Андан соң аларга «АрселорМиттал Темиртау» ишканасында иштеп жатышкан дагы үч шахтанын тоо кенчилери кошулушкан.

Шахтёрлор компания маяналарды бардык жумушчулар үчүн 100 пайызга жогорулатмайынча каршылык акциясын токтотуудан баш тартышууда. Тоо кенчилерге тамак-аш жана жылуу кийимдерди алардын туугандары беришүүдө.

Мындан тышкары, каршылык акциясынын катышуучулары 50 жаштан пенсияга чыгууну, бейтап баракчасын төлөп берүүнү жана эс алуу үйлөрү менен санаторийлерге жолдомолордун санын көбөйтүүнү талап кылышууда.

«Шахтага эч кимди киргизбей жатышат. […] Шахталардын тиричилигин камсыздоодон башка эч бир иш жок, өндүрүү жок, көмүр чыгаруу жүргүзүлгөн жок. Биздин кесиптештердин талаптарын мен жана шахтада ким болсо ошолордун бардыгы толугу менен колдоп жатабыз», — деп билдирди кенчилерди бири Владимир Ханиев.

«АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын өкүлү билдиргендей, каршылык билдирип жаткан кенчилер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Алардын айтымында, жумушчулардын негизги талаптары жаңы келишимде эске алынган.