КТРК өлкөдөгү телеканалдар рейтингинин сап башына чыкты

«М-Вектор» компаниясынын иликтөөсүнө ылайык, КТРК Кыргызстанда телеканалдардын белгилүүлүгү боюнча рейтингинде 1-орунду алган. Бирок КТРК Бишкекте орусиялык телеканалдардан артта калып, 6-орунду ээлеген.

«М-Вектор» консалтиң компаниясы 13-декабрда КТРК Кыргызстандагы эң белгилүү телеканал деп аныктаган иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады.

Экинчи жана төртүнчү орунду КТРКнын карамагына кирген «Музыка» жана «Баластан» каналдары ээлеген. Ал эми 3-орунга орусиялык «Биринчи канал» чыккан. Алдыңкы беш орундун лидерлигинде депутат Өмүрбек Бабановго байланыштуу НТС телеканалы бар.

Бирок борбор калаа Бишкектеги сурамжылоо таптакыр башкача жыйынтыктарды көрсөткөн — бишкектиктер рейтингдин сап башына орусиялык «Биринчи каналды» коюшкан, ал эми КТРК 6-орунда калган.

«Биринчи каналдан» кийин эле тизмеге НТС, «ТНТ-Азия», «Россия РТР» жана «312 Кино» каналдары жайгашып, алардан соң гана КТРК турат.

Эң белгилүү үналгылардын рейтингинде 1-орунду «Кыргызстан обондору» 2-орунду «Европа плюс» алган, алардан кийин эле «Миң кыял» жана «Тумар» радиолору бар.

Өлкөдө эң эле белгилүү коомдук тармак «Одноклассники» болгон, ал эми экинчи, үчүнчү орундары «Инстаграм» жана «Фейсбук» тармактары ээлеген.

Медиа-эксперт Азамат Тынаев «М-Вектордун» иликтөөсүн чындыкка дал келетчындыкка дал келет деп эсептейт. Анткени КТРК жаңы берүүлөрдү жана каналдарды түзүү менен дайыма өзүнүн ишмердигин кеңейтүүдөө.

«КТРК өсүп жатат, карамагында каналдар көп. Мындан тышкары, биз КТРКдан соңку жылдары позитивдүү өзгөрүүлөрдү көрүп жатабыз — бул жаңы техникаларды сатып алуу, студияларды жаңылоо, декорациялар. Мына ушул нерсе натыйжада жыйынтыгын берүүдө», — деди Тынаев.

Анын оюнча, КТРКнын көрсөткүчтөрү өлкө боюнча салыштырмалуу Бишкекте начар, анткени борбордун тургундары интернетте көбүрөөк жигердүү.

«М-Вектор» компаниясы Кыргызстандын 165 айылы менен 16 шаарында сурамжылоолорду жүргүзгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: