Кыргызстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга өткөрүп берди

Премьер-министр Сапар Исаков Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга өткөрүп берүү боюнча буйрукка кол койду. Бул пансионаттар 2016-жылы кыргыз бийлиги тарабынан менчиктештирилген.

Исаков панисонаттарды өткөрүп берүү боюнча буйрукка 13-декабрда кол койду. Алар менен кошо Өзбекстан санаторийлер жайгашкан жерлерди убактылуу пайдаланууга алат.

Кеп «Бостери» (мурдагы «Алтын кум»), «Алтын-Жай» (мурдагы «Рохат-НБУ»), «Энесай» (мурдагы «Дилором») жана «Бустон» пансионаттары жөнүндө болууда.

Өкмөттөн санаторийлер жайгашкан жер тилкелери Кыргызстандын менчигинде калаарын билдиришүүдө.

Буйрукка ылайык, өзбек тарап пансионаттардагы шарттарды үч жана төрт жылдыздуу отелдердин деңгээлине чейин жакшыртууга милдеттүү болот.

Ошондой эле, Өзбекстандын бийлиги пансионаттардагы жумушка Кыргызстандын 80 пайыздан кем эмес жарандарын тартуусу шарт.

«Буйрук туризмди өнүктүрүүгө жана түз инвестицияларды тартууга багытталган. Ал өзбекстандык туристтердин санын көбөйүшүн шарттайт жана ошондой эле, бир тууган эки өлкөнүн ортосундагы өз ара мамилелердин жакшыруусуна өбөлгө болот», — деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Мындан тышкары, өзбек тарап Кыргызстан бул санаторийлерди менчиктештиргенден кийин 2016-жылы эл аралык арбитраж сотуна берген арыздарын чакыртып алуусу кажет.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун башчысы Дүйшөнбек Зилалиев «24.kg» басылмасына курган маегинде Өзбекстан Кыргызстандын пансионаттар боюнча сунушуна макул болгондугун айтты. Анын айтымында, Өзбекстан пансионаттарды кабыл алуу боюнча келишимге кол коюшу керек.

«Эгерде келишимге кол коюшса араздашуу жоюлуп, арбитраж чечилет. Документке кол коюлуу ыктымалдыгы абдан жогору», — деди Зилалиев.

Кыргызстандын өкмөтү кыргыз-өзбек чек арасындагы бир нече араздашуулардан кийин төрт пансионатты менчиктештирип алган.

Бул пансионаттар совет мезгилинде Өзбекстандын ССРнин каражатына курулган жана 1992-жылдагы келишим боюнча Өзбекстанга таандык болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: