Милиция: Бишкекте кызды уурдоо «анын макулдугу» менен болгон

Иллюстративдик сүрөт

Бишкектин милиционерлери 11-декабрда шаардын чыгышында ыктымал уурдалган кызды табышты. Алардын айтымында, кызды анын жигити үйлөнүү үчүн уурдап кеткен жана бул өз ара макулдук менен болгон.

Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынын башчысы Адыл Оморов «Клооптун» кабарчысына курган маегинде билдиргендей, жаш жигит 11-декабрда өзүнүн сүйлөшкөн кызын үйлөнүү максатында анын уруксаты менен уурдап кеткен.

«Бала кыз менен ошол эле күнү жолуккан, кыз 7-кичи райондо жашачу. Алар анын Талас облусундагы ата-энесиникине кетишип, 12-декабрь күнү үйлөнүшкөн. Алардын ортосунда келишим болгон, туугандары үйлөнүү той жөнүндө кабардар болушкан», — деди Оморов.

Анын айтымында, жаш бала жазага тартылбайт, анткени анын аракеттеринде кылмыштын курамы жок.

Башында кыздын уурдалышы боюнча маалыматты коомдук тармактарда ар кандай колдоонучулар тарата башташкан. Кийинчерээк милиция аларга бул боюнча арыз түшкөнүн тастыктаган.

Анда милициядан белгисиз адамдар аталган кызды «күч менен Хонда Степвагон машинасына отургузушуп», белгисиз тараптып көздөй алып кетишкенин билдиришкен.

Милиция «Хонданын» айдоочусун тапкан, бирок ал жашаган жеринде жок болгондуктан аны кармай алган эмес.

Кыздарды никеге туруу үчүн уурдо Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизиленден кийин 2012-жылдын декабрынан баштап кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган иш катары каралып калган. Ошондон кийин кыздарды уурдоо үчүн жети жылга чейин түрмөгө камалышы мүмкүн.

«Аялдарга жардам берүү борбору» менен «Кыз коргон» инстутунун маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда күн сайын никеге туруу үчүн кыздарды уурдоонун 32 учуру катталып, алардын алтысында кыздар зомбулукка кабылышат.


ТЕМА БОЮНЧА: