Бир кадр менен: «Самара» боюнча иликтөөнүн авторуна УКМКга чакыруу келди

Сүрөт: Kloop.kg

Samara.kg сайты жөнүндө иликтөөнүн автору Ринат Тухватшинге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке келүү талабы менен чакыруу келди. Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү «Самаранын» айланасындагы соо эмес кызыгуудан улам басылманы атайын кызмат текшерет деп басма сөз жыйынында билдиргенден кийин «Клооптун» кеңсесине чакырууну алып келишкен.

Тухватшинди 15-декабрда саат 10:00дө УКМКнын кызматкерлери менен маектешүүгө чакырышууда. «Сиз сөзсүз түрдө келишиңиз керек», — деп айтылган чакырууда.

Чакырууну алгандан кийин Ринат Тухватшин УКМКнын кызматкерлери менен «абдан катуу» маектешкиси келип жатканын айтты. «Мен Кыргызстандын элине каршы кылмыш жасалганына ишенем жана күнөөлүүлөр жазага тартылышын каалайм. Пайдалуу болушума үмүттөнөм», — деп кошумчалады ал.

Биринчи жолу «Самара» боюнча иликтөөгө байланыштуу УКМКнын «Клоопко» кызыгуусу жөнүндө 20-ноябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы басма сөз жыйынында белгилүү болгон. Анда ал жүргүзүлгөн журналисттик иликтөөнү жана анын жыйынтыгын «чагым» деп атаган.

«"Клоптогу" жолдоштор, ал менен УКМК алектене баштады. Мына көрөсүңөр, ал жакта байланыш Сооронбай Жээнбеков менен эмес, силердин тарапка барып бурулуп калышы мүмкүн», деп билдирген ал.

«Клооптун» редакциясы 26-октябрда Кыргызстандын өкмөтүнүн серверинде бир ай бою шайлоочулардын жеке маалыматтарын чогулткан мамлекеттик эмес samara.kg сайты камтылганын далилдеген иликтөөнү жарыялаган.

Сайтта кыргызстандыктардын паспортторунун номерлери, Аты жөндөрү, ИНН жана шайлоо участкалары жөнүндө маалыматтар болгон. Өкмөттүк сервердеги тышкы сайтка кирүү мүмкүнчүлүгү өткөн шайлоодогу үгүт кампаниясынын жүрүшүн олуттуу жеңилдетиши мүмкүн болгон жана ошондой эле, Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын коркунучка кептеген.

Иликтөө чыгарылгандан кийин МКК жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында «мамлекеттик серверлерде эч кандай жеке сайт камтылбаганын» жана МКК «адистер веб-серверлерлердин ишине тышкы таасир этүүнү табышкан жок» деп билдирип, Kloop.kgден төгүндөөөнү талап кылган.

Өз кезегинде, иликтөөнүн авторлору билдиришкендей, башында алар МККнын серверлерине чабуулдар жөнүндө жазышкан эмес, МКК өз жообу менен «Самаранын» иштешин өз кызматкерлери камсыздашы мүмкүн деген версияны (же МККнын серверине түз кирүүгө мүмкүндүгү бар адамдар) тастыктаган.

Иликтөөнүн авторлору Улуттук коопсуздук боюнча мамлекекеттик комитетти (УКМК), Ички иштер министрлигин (ИИМ) жана Башкы прокуратураны МККга карата өздүк иликтөө жүргүзүүгө чакырышкан.