Депутат УКМКдан «Франс-Пресстин» журналисти эмне үчүн депортация болгонун түшүндүрүүнү сурады

Парламентарий Дастан Бекешев атайын кызматтардан «Франс-Пресстин» журналисти Крис Риклтон Кыргызстандан эмне үчүн депортация болгонунун себебин түшүндүрүүнү талап калды. Аны өлкөгө 9-декабрда киргизбей коюшкан, бийликтегилер бул эмне үчүн болгонун түшүндүргөн эмес.

Бекешев парламенттин 14-декабрындагы жыйынында Риклтонду эмне үчүн Кыргызстанга киргизбей коюшканын сурады.

«Бизде демократиялык өлкө да, а бирок абдан тоталитардык өлкө сыяктуу аракеттерге барып жатабыз. Майда-барат нерсени дүйнө жүзүнө жайылтышып жатат. Түшүнүк кат жазып берүүнү суранса болот эле да», — деди Бекешев.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү журналистке карата коюлган тыюунун себебин айтып бере алган жок. Анын айтымында, аталган министрликтин бул чечимге тиешеси жок.

Бекешев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) бир күндүн ичинде кирүүгө болбостугунун себебин жарыя кылуусун талап кылды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 12-октябрда Риклтондун Кыргызстандан депортация болушунун чоо-жайын аныктап жатканын билдирген.

Мурдараак УКМК билдиргендей, журналист «виза режимин бузган», бирок атайын кызмат кененирээк маалымат берген эмес.

Риклтонду Кыргызстандан 9-декабрда депортация кылышкан. Ал өлкөгө Дубайдан кайтып келгенде «Манас» аэропортунан көзөмөлдөн өтүүдө өлкөгө кирүүгө тыюу салышкан.

Журналист тыюу салуу боюнча уккандан кийин президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жолдогон. Ал өзүнөн депортация ордерин алууну жана Кыргызстандын аймагында жүрүүгө уруксат сураган.

Британиялык журналист Бишкекте кыргыз жараны болгон колуктусу жана кызы менен 2010-жылдан бери жашап келген.

Учурда журналист Дубайдан келип депортация болгондон кийин «Франс-Пресстин» Алматыдагы аймактык кеңсесинде болууда.

Риклтон 2015-жылдан тартып эл аралык «Франс-Пресс» агенттигинде эмгектенип келет, ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырып, Борбор Азиядагы Америка университетинде мугалим болуп иштеп жүргөн.


ТЕМА БОЮНЧА: