Исаков патрулдук милиционерлерге планшет сатып берүүнү убада кылды

Өкмөт патрулдук милициянын инспекторлорунун маяналарын жогорулатат. Ошондой эле, бийлик патрулдук милициянын инспекторлорунун жумушунун сапатын жакшыртуу үчүн аларды планшет жана навигаторлор менен камсыздайт.

Премьер-министр Сапар Исаков патрулдук милициянын кызматкерлеринин айлыктарын көтөрүп, протоколдорду электрондук түрдө толтуруу үчүн аларды планшеттер менен камсыздоону убада кылды.

«Өкмөт же мен жеке өзүм ЖКККББнын ар бир кызматкерине протоколдорду электрондук түрдө толтуруу үчүн планшеттерди сатып беребиз. Антпесе ЖКККББнын кызматкерлеринин протоколдорду машинанын капотунда толтуруп жаткандыктары — бул уят!» —  деди ал.

Анын айтымында, милиционерлер планшетте адамдын ПИН-кодун гана киргизишип, кайсыл эреже бузулганын көрсөтүшүп, ошондон кийин гана протокол автоматтык түрдө толтурулуп калат.

Исаков планшеттерге ылайык эреже бузуучулар банк картасы менен эле ордуларынан штрафтарды төлөй алышат деди. Эгерде эреже бузуучунун накталай гана акчасы болсо, анда ПМБнын кызматкери ошол жерден эле штрих-коду көрсөтүлгөн протокол чыгарып берип, ал адам банкка барып штраф төлөйт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын (ЖКККББ) начальниги Канат Жумагазиев билдиргендей, машина кандай пайдаланылып жаткандыгын байкоо үчүн патрулдук милициянын машиналарына навигаторлор орнотулат.

Мындан тышкары, ЖКККББнын машиналары ИИМдин унааларынан айрымаланып турушу үчүн кызгылт-көк чийинге боёлот.

Эми ЖКККББга жумушчуларды алуу менен биринчи кезекте адискөйлүккө көңүл бурган атайын комиссия алектенет.

Жумагазиевдин айтымында, жетектөө кызматтарына бул тармакта үч жылдан кем эмес иштегендер гана дайындалат. Мындан тышкары, эреже бузуулар үчүн кызматкерлерге «эң катаал чаралар» көрүлө баштамакчы.

Исаков патрулдук милицияны өлкөнүн жолдорундагы жол кырсыктарынын саны көбөйүп кеткени үчүн жоюп салган. Ал Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык (ЖКККББ) деген жаңы мекеме түзгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: