Көзү азиз балдар үчүн кыргыз тилинде адабий китептер чыгарылды

Сүрөт иллюстративдүү

Азиз жана көрүүсү начар балдарга кыргыз жазуучуларынын көркөм чыгармалары Брайл шрифти менен кыргыз тилинде басылып чыгарылды.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Замир Ыманкалиев «Клоопко» кабарлагандай, китептер ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында кыргыз тилин окуп билүүсүнө шарт түзүү максатында басылып чыгарылды.

«Китептер Брайл шрифти менен алгачкы жолу басылды. Долбоорду ишке ашырууга Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясынын алкагында грант бөлүнүп берилген. Аны ишке ашырууга 300 миң сомдон ашуун каражат сарпталган», — деди Ыманкалиев.

Китептерди басып чыгарууга каражатты аталган агенттик бөлүп берген. 

Ыманкалиев адабий китептер өлкөдөгү азиз же көрүүсү начар болгон балдар үчүн адистештирилген мектептерге таратылаарын кошумчалады.

Агенттиктин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда 8 миңден ашуун азиз жана көрүүсү начар болгон адамдар жашайт. Алардын сегиз жүзүн балдар жана жаштар түзөт.

Көзү азиздер үчүн төмөнкү 13 китеп 103 нускада басылып чыгарылган:

  • «Балдарга арналган ырлар». Мектепке чейинки балдар үчүн;
  • «Балдарга арналган ырлар». Мектеп курактагы балдар үчүн;
  • «Кыргыз эл жомоктору»;
  • «Камчыбектин кыялы». Автор: Акылбек Айдаралиев;
  • «Тентек кирпи». Автор: Абдыжапар Жээнбеков;
  • «Жер астында эмне жашайт». Автор: Айым Айтбаева;
  • «Кыргыз болом». Автор: Айдарбек Сарманбетов;
  • «Амандын аңгемелери». Автор: Аман Нааматов;
  • «Күүнүн сыры». Автор: Аалы Токомбаев;
  • «Узак жол». Автор: Мукай Элебаев;
  • «Сынган кылыч 1-бөлүк». Автор: Төлөгөн Касымбеков;
  • «Сынган кылыч 2-бөлүк». Автор: Төлөгөн Касымбеков;
  • «Келкел». Автор: Төлөгөн Касымбеков.

    ТЕМА БОЮНЧА:
  • Айтматовдун «Жамилясы» азиздер үчүн кыргыз тилинде басылып чыкты