Ош-Ташкен аба каттамы ачылмакчы

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Ош-Ташкен багыттары боюнча дагы бир аба каттамын ачууну макулдашышты. Учурда өлкөлөр ортосунда Бишкек — Ташкен жана Тамчы — Ташкен маршруту боюнча гана аба каттамдары бар.

«Азаттык» үналгысынын өзбек кызматы билдиргендей, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өзүнүн кыргыз кесиптеши менен жолугушуу учурунда Ош-Ташкен багыты боюнча аба каттамын ачуу жөнүндө билдирген.

«Абадан чоң муктаждык бар. Биз Бишкек — Ташкен маршруту боюнча аба каттамдарынын санын эки эсе көбөйткүбүз келет. Муктаждык бар», — деген Мирзиёев.

Ошондой эле, Мирзиёев Ысык-Көлгө чейин темир жол маршрутунун ачылышы жөнүндө дагы билдирди.

«Кыргызстанда сейрек кездешкен Ысык-Көл бар. Биздин элдер аба каттамынын ачылышын каалашкан, бирок биз Ысык-Көлгө чейин темир жол маршрутун ачууну дагы макулдаштык», — деди Мирзиёев.

Кыргызстандын бийлиги эки өлкөнүн шаарларынын ортосунда жаңы темир жолдор менен аба каттамдарынын ачылышы менен туристтердин агымынын көбөйүшүн күтмөкчү.

Буга чейин эки мамлекеттин ортосунда болгону эки маршрут боюнча аба каттамы жөнгө салынган: Бишкек — Ташкен жана Тамчы — Ташкен. Акыркы багыт боюнча аба каттамы 2017-жылдын жайында гана ачылган.

Кыргыз-өзбек мамилелери Өзбекстанда бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин жылый баштаган. Ал 2016-жылдын сентябрында Өзбекстандын алгачкы президенти Ислам Каримов дүйнө салгандан кийин өлкө башчысы болуп калган.

Соңку эки жыл аралыгында Кыргызстан менен збекстандын бийликтери бат-баттан жолугушуп, бири-бирине чоң сапарларды уюштуруу менен чек ара маселелерин талкуулап келишет.

Натыйжада өлкөлөр 2017-жылдын сентябрында чек аранын 80 пайыздан ашуунун тактоо боюнча келишимине кол коюшуп, ошондой эле, Камбар-Ата 1-ГЭСин биргелешип курууну макулдашышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: