Прокуратура: Баткен облустук драма театры мамлекетке 2,5 млн сомдон ашуун зыян келтирген

Баткен облусунун прокуратурасы Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгоду. Аларга мамлекетке 2,5 млн сомдон ашуун зыян келтирди деген айып тагылып жатат.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдиргендей, Баткен облустук Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын бир кызматкерине мыйзамсыз айлык акы төлөнүп келген. Андан тышкары театр жамааты маяналарына кошумча каражатты мыйзамсыз алып турган.

«2014-жылдын сентябрь айында аталган театрдын мүдүрүнүн буйругу менен С.Р. аттуу жаран бухгалтер болуп дайындалган. Ал бул кызматта эки жылдай иштеген. Бирок факт жүзүндө ал 2013-жылдан баштап 2016-жылдын ноябрь айына чейин аскердик кызматын өтөгөн жана эч жерде иштеген эмес», — деп айтылат башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Эки жыл аралыгында С.Р. аттуу жаранга маянасынан тышкары 200 миң сомдон ашуун өлчөмдөгү сый акы мыйзамсыз төлөнгөн. Прокуратуранын маалыматына ылайык, бул каражатты облустук театрдын тийиштүү кызматкерлери алып турган.

Бакыт Акматов Баткен облустук драма театрынын жетекчиси болуп 2015-жылы келгенин, ал эми дайындалган эсепчи тууралуу маалыматы жок экенин «Клоопко» билдирди.

«Менин үстүмдөн театрдын мурдагы эсепчиси арыз жазгандыгынын негизинде кылшым иши козголуп жатат. Мыйзамсыз маяна алып жүргөн деген кызматкер мен тарабымдан дайындалган эмес. Театр кызматкерлеринин эң жогорку айлыгы 4 миң сом болгондуктан, үнөмдөлгөн эмгек акыдан көркөм кеңештин токтомунун негизинде жакшы иштегендерге кошумча төлөнүп турганы чын», — деп билдирди Акматов.

Акматовдун айтымында, кошумча эмгек акы элеттик театр актёрлоруна жумушун таштап мигрант болуп кетүүсүн алдын алуу үчүн берилип турган.

Башкы прокуратура айыпталуучуларга карата Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кызматтык жасамачылык» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Мекеме жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке жалпысынан 2 млн 507 миң сом зыян келтирилгенин аныктаган.

Бакшы прокуратура кылмыш ишин иликтөө үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Баткен облустук башкармалыгына өткөрүп берди.


ТЕМА БОЮНЧА: