Өз баласын ичке тепкен адам аталык укуктан ажыратылбайт

Сүрөт: Акипресс

Баласын ичке тээп кармалган адамды аталык укуктан ажыратышпайт, анткени баланын апасы арызын чакыртып алган. Анын айтымында, балага «зыян тийгизилген эмес» жана ал атасын сагынып жатат.

Бишкектин Октябрь райондук социалдык коргоо башкармалыгынын начальниги Рейна Султанмуратова билдиргендей, сейилдеп жүрүп өз баласын курсакка тепкен Бариер Адиевди аталык укуктан ажыратышпайт.

Султанмуратова баланын апасы өзүнүн арызын чыкыртып алганын айтты. Ал өзүнүн чечимин баласына «зыян тийгизилбегени» жана бала атасын сагынып жатканы менен түшүндүргөн.

Башында баланын апасы жолдошун аталык укуктан ажыратканы жатканын билдирген.

Адиевди 2-декабрда ал жерде жаткан баласын тээп салганы тартылган видео коомдук тармактарга жайылып кеткенден кийин кармашкан.

Бул окуя коомдун нааразычылыгын жаратып, Адиевди изоляторго камашкан. Ага каршы «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Эгерде сот аны күнөөлүү деп тапса, ал беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ал эми Адиев өзү күнөөсүн мойнуна албай, видео «монтаждалган» деп айткан. Саламаттык сактоо министрлигинен кичинекей баланын денеси кокустаганын билдиришкен.

Адиев Сокулук мамкаттоосунун начальнигинин орун басары болуп иштеген. Окуядан кийин аны жумуштан кетиришкен.


ТЕМА БОЮНЧА: