Жээнбеков Өзбекстанды «стратегиялык өнөктөш» деп атады

Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиёев. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы.

Кыргызстандын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Ташкенде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда Өзбекстан «дос өлкөдөн стратегиялык өнөктөшкө» айланды деп билдирди.

Жээнбеков Өзбекстанга эки күндүк сапар менен барды. Кыргызстандын президенти Өзбекстандын өлкө башчысы менен сүйлөшүүлөрдөн кийин билдиргендей, мамлекеттердин көз караштары көптөгөн маселелер боюнча дал келген.

«Эгерде мурда биз дос өлкөлөрдөн болсок, эми стратегиялык дагы өнөктөш болуп калдык. […] Жакшы коңшулаштыкка жана салттуу достукка негизденген кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө зарылдыгы тууралуу пикирлердин бирдейлигин көрсөтүү биздин сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыгы болуп калды», — деп билдирди Жээнбеков.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргызстандыктар Жээнбеквого добуш берип, туура тандоо кылышкан деп айтты. Ал Кыргызстан менен Өзбекстандын элинин ортосунда «өткөн тарыхы бир жана келечеги дагы бир» деп кошумчалады.

«Сооронбай Шарипович элге жакын, жерге жакын. Дал ушундай адам элдин көйгөйүн түшүнүп, аны чечүүгө жөндөмдүү. Кыргызстан эли Сооронбай Шариповичке добуш берип жатканда Өзбекстан эли дагы аны тандап алышты», — деди Мирзиёев.

Мирзиёев Жээнбековдун президент катары өзүнүн сапарларынын бирин дал Өзбекстанга жасаганынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Биз үчүн Кыргызстан эң жакын жана ардактуу кошуна. Бүгүн эки өлкө үчүн тарыхый күн. Бул жылыбыз дагы тарыхый жыл болду. Быйыл биз эң жогорку деңгээлде үч ирет жолугуштук», — деди ал.

Буга чейин Жээнбеков «стратегиялык өнөктөш» деп бир гана Орусияны атаган. Ал өзүнүн президент катары алгачкы сапарын дал ошол Орусиядан баштаган.

Кыргыз-өзбек мамилелери 2016-жылдын сентябрында, Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов дүйнө салгандан кийин жакшыра баштаган.

Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга Ислам Каримов кайтыш болгондон кийин өлкөнү Алмазбек Атамбаев жетектеп турганда келген.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын 80 пайызын тактоо боюнча документке кол коюшкан, ошондой эле, Камабар-Ата 1-ГЭСин биргелип курууну макулдадышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: