«Ак-Кула» ат майданын Бишкектин менчигине кайтарышты

Ленин райондук прокуратурасы «Ак-Кула» ат майданы жайгашкан жер тилкесин мөөнөтсүз пайдалануу укугун Бишкек мэриясына берди. Сентябрда Жогорку сот 1998-жылы жеке компанияга ат майдандын сатылышын мыйзамсыз деп тааныган.

Ленин райондук прокуратурасынын токтому боюнча «Ак-Кула» ат майданынын жалпы баасы 3 млрд 448 млн сом турган жер тилкесинин жеке менчик укугу Бишкек мэриясына бекитилди. Шаар бийлиги жер тилкесин мөөнөтсүз пайдалануу укугун алды.

Райондор аралык, Ленин райондук, Бишкек шаардык жана Жогорку сот Ленин райондук прокуратурасынын «Ак-Кула» ат майданын жеке компанияга сатуу боюнча келишиминин кесепеттерин жараксыз деп таануу тууралуу калган арыздарын дагы деле карап жатышат.

Тергөө 1995-жылы ат майданды Бишкек мэриясынын башкаруусуна өткөрүлгөнүн, ал эми 1998-жылы Айыл чарба министрлиги сатууга укугу жок эле аны жеке компанияга сатып салганын аныктаган.

Сентябрда Жогорку сот 1998-жылы ат майдандын сатылышын мыйзамсыз деп тапкан.

Бийлик комплексти 2018-жылы реконструкция кылууну пландоодо, андан кийин «Ак-Кула» мамлекеттин менчигине өткөрүлөт. Оңдоо иштерине 650 млн сом бөлүп берүү каралууда.

Ондоо иштеринен кийин ат майдан 5500 орундук болот, учурда ал болгону 3000 адамды гана батыра алат.

Өкмөт ат майданды Нооруз майрамындагы ат чабыш учурунда чыккан чыр-чатактан кийин, 2017-жылдын май айында реконструкция кылууну чечкен.

Мелдешти көрүү үчүн жана орундуктардын жетишсиздигинен улам күйөрмандар бак-дарактар менен темир арканын үстүлөрүнө чыга башташкан. Бул окуядан кийин ИИМ «Ак-Кула» ат майданы коопсуздук талаптарына жооп бербестигин жана Көк бөрү федерациясы оюндарды тийиштүү деңгээлде уюштура албаганын билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: