Прокуратура: Өспүрүмдү кыйноого алган деп айыпталган милиционердин иши сотко өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук прокуратурасы өспүрүмдү кыйноого алган деп шектелген айылдык милициянын башчысына козгогон кылмыш ишин сотко өткөрүп берди. Жашы жете элек өспүрүм кыйноолордун айынан жарым-жартылай дүлөй болуп калган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Бүргөндү айлынын милиция бөлүмүнүн башчысына карата козголгон иш сотко жөнөтүлгөн.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, тартип сакчысы 2017-жылдын 11-июлунда мушташка катышууга шектелген өспүрүмдү кармаган. Мушташта өспүрүмдөрдүн бирине бычак тийген.

«Милиционер бейбаштык фактысы боюнча өспүрүмгө күнөөнү мойнуна алган көрсөтмөнү алуу максатында аны кыйноого алган. Шектүүнү милиция бөлүмүндө сегиз саат аралыгында мыйзамсыз кармап отурган», — деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Медициналык эспертиза өспүрүмдүн денесине келтирилген жаракаттарды ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү катары баалаган.

«Жабырлануучу кыйноолордун натыйжасында жарым-жартылай дүлөй болуп калган», — деп билдирди прокуратура.

Айылдык милиция бөлүмүнүн башчысына 24-июлда «Жашы жете элекке карата жасалган кыйноо» жана «Билип туруп анча оор эмес залал келтирүү» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.  

Авторлошу: Мадлен Сапаралиева