Эки жашар баласын ичке тепкен атанын иши сотко өттү

Октябрь райондук ИИБдин кызматкерлери сейилдөө учурунда өзүнүн баласын тепкен Бариер Адиевге карата иликтөөнү жыйынтыкташты. Адиевге «Бейбаштык» жана «Жашы жете электи тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо» айыбы тагылууда.

Октябрь райондук прокуратурасы Бариер Адиевдин ишин сотко 11-декабрда жөнөткөн.

Башында Адиевге каршы «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон, бирок тергөө аяктаганда айыптоого «Жашы жете электи тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо» беренеси кошулган.

Учурда баласын тепкен адам изолятордо эки айлык алдын ала жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Баланын апасы милициядан арызын чакыртып алып, жолдошун аталык укуктан ажыратуудан баш тартууда. Ал балага «зыян келтирилген эмес» жана ал атасын сагынып жатат деп айткан.

Адиевди 2-декабрда ал жерде жаткан баласын тээп салганы тартылган видео коомдук тармактарга жайылып кеткенден кийин кармашкан.

Ал эми Адиев өзү күнөөсүн мойнуна албай, видео «монтаждалган» деп айткан. Саламаттык сактоо министрлигинен кичинекей баланын денеси кокустаганын билдиришкен.

Адиев Сокулук мамкаттоосунун начальнигинин орун басары болуп иштеген. Окуядан кийин аны жумуштан кетиришкен.


ТЕМА БОЮНЧА: