ТИМ: Бир тууган Азимовдордун атасы Кыргызстанга жөнөтүлөт

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, Ахрал Азимовду жарандыгы жоюлгандыгы үчүн өлкөдөн кетиши керектигин билдирүү максатында 14-декабрь күнү Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына чакырышкан. Ахрал Азимов — 2017-жылдын апрелинде Санкт-Петербургдагы террактты уюштуруу боюнча айыпталып жатышкан Аброр менен Акрамдын атасы.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы мурдараак Ахрал Азимовду Москванын полициясы кармаганы боюнча пайда болгон маалыматты четке какты.

Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Ахрал Азимовду жарандыгы жокко чыгарылгандыгын билдирүү үчүн Федералдык коопсуздук кызматына (ФКК) чакырышкан.

«Ал Орусиянын аймагынан чыгып кетиши керек. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Азимовго өлкөгө кайтып келүү боюнча күбөлүк берди. Жакын арада ал Кыргызстанга учуп келет», — деп билдирди ТИМ.

Элчиликтин маалыматына ылайык, Ахрал Азимовдун кыргыз жарандыгы сакталып калган.

Азимовдун кармалышы боюнча 14-декабрда анын Кыргызстанда жашаган кенже уулу билдирген.

Орусиянын бийлиги бир тууган Аброрду жана Акрамды 2017-жылдын апрелинде Санкт-Петербург метросундагы террактты уюштуруу боюнча айыпташууда. Азимовдор — Кыргызстанда туулган.

Ал эми Азимдор өзүлөрүнүн террактка байланыштыгын четке кагышууда. Башында өзүнүн күнөөсүн мойнуна алган Аброр Азимов кийинчерээк өз көрсөтмөсүнөн баш тарткан.

Айыпталуучулардын адвокаттары билдиришкендей, күнөөнү моюндарына алдырүү үчүн Азимовдорду кыйноого алышкан. Жада калса Азимовдор кыйноолор жөнүндө билдиришкенден кийин деле бир туугандардын бири өзүнүн арызын «чакыртып алууга мажбур болгон». Адвокаттын пикиринде, ага ФККнын кызматкерлери кысым көрсөтүшкөн.

«Хүман райтс уотч» (Human Rights Watch) укук коргоо уюму Орусиянын бийлигин айыпталуучулар менен алардын юристтерине кысым кылуунун ордуна терракты дыкат иликтөөгө чакырышкан.

Санкт-Петербург метросундагы терракт 2017-жылдын апрелинде болгон. Жардыруунун натыйжасында 16 адам набыт болуп, дагы жүздөйү жабыр тартышкан. Тергөө террактын уюштуруучусу деп жарылуу учурунда набыт болуп, Кыргызстанда туулган Акбаржон Жалиловду эсептөөдө.


ТЕМА БОЮНЧА: