УКМК «Самара» боюнча иликтөөнүн авторунан көрсөтмө алды

Журналист Ринат Тухватшин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүсүнө «Самара» системасы боюнча көрсөтмө берди. «Клооптун» редакциясы Кыргызстандын өкмөтүнүн серверлеринин биринде бир ай бою шайлоочулардын жеке маалыматтарын чогулткан мамлекеттик эмес samara.kg сайты камтылганын далилдеген.

Тухватшин УКМКнын тергөөчүсү маектешүү учурунда ага кандайдыр бир кысым көрсөтпөгөнүн айтты.

«Негизинен мен "Клооптун" журналисттеринин "Самара" боюнча далилдеринин логикалык түзүлүшүн айтып берип жаттым. Тергөөчү силер "Самара" эмне үчүн МККнын серверлеринде жайгашкан деп эсептеп жатасыңар деп сурады. Мен биздин макала тууралуу бардыгын айтып, схема чийип бердим», — деди ал.

Анын айтымында, тергөөчүгө «Самара» 2017-жылдын 15-октябрында Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына таасир эткени же этпегендиги кызык болгон.

«Мен "Самара" Сооронбай Жээнбековдун [Кыргызстандын жаңы президенти] шайлоо кампаниясынынын эффективдүүлүгүнө таасир эткенин түшүндүрүп бердим, бирок добуштарды эсептөөнүн өзүнө система, биздин баабыз боюнча, таасир эткен эмес», — деди ал.

Ошондой эле, Тухватшин тергөөчүнү иликтөөнүн авторлору Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) программистине Кыргызстандан тышкары чет өлкөгө кетүүнү сунушташканы тынчсыздандырганын айтты.

«Мен биздин булактардын анонимдүүлүгү артыкчылыгыбыз болуп эсептелээрин, эгерде булак өз өмүрү үчүн коркуп жаткан болсо, биз ага Кыргызстандан чыгарып кетүүнү сунуштай алаарыбызды түшүндүрдүм. Бирок МККнын программисти өзүнүн "Самара" менен болгон байланышын четке каккан. Биз андан интервью алгандан кийин аны менен кайра байланышка чыккан эмеспиз», — деди Тухватшин.

Журналистке УКМКдан чакыруу 14-декабрда келген. Аны Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү басылманы «Самаранын» айланасындагы соо эмес кызыгуудан улам Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет текшерет деп басма сөз жыйынында билдиргенден кийин дароо эле «Клооптун» кеңсесине алып келип беришкен.

Биринчи жолу «Самара» боюнча иликтөөгө байланыштуу УКМКнын «Клоопко» кызыгуусу жөнүндө 20-ноябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы басма сөз жыйынында белгилүү болгон. Анда ал жүргүзүлгөн журналисттик иликтөөнү жана анын жыйынтыгын «чагым» деп атаган.

«"Клоптогу" жолдоштор, ал менен УКМК алектене баштады. Мына көрөсүңөр, ал жакта байланыш Сооронбай Жээнбеков менен эмес, силердин тарапка барып бурулуп калышы мүмкүн», — деп билдирген ал.

«Самара» боюнча иликтөө

«Клооптун» редакциясы 26-октябрда Кыргызстандын өкмөтүнүн серверинин биринде бир ай бою шайлоочулардын жеке маалыматтарын чогулткан мамлекеттик эмес samara.kg сайты камтылганын далилдеген иликтөөнү жарыялаган.

Сайтта кыргызстандыктардын паспортторунун номерлери, Аты жөндөрү, ИНН жана шайлоо участкалары жөнүндө маалыматтар болгон. Өкмөттүк сервердеги тышкы сайтка кирүү мүмкүнчүлүгү өткөн шайлоодогу үгүт кампаниясынын жүрүшүн олуттуу жеңилдетиши мүмкүн болгон жана ошондой эле, Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын коркунучка кептеген.

Иликтөө чыгарылгандан кийин МКК жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында «мамлекеттик серверлерде эч кандай жеке сайт камтылбаганын» жана МКК «адистер веб-серверлерлердин ишине тышкы таасир этүүнү табышкан жок» деп билдирип, Kloop.kgден төгүндөөөнү талап кылган.

Өз кезегинде, иликтөөнүн авторлору билдиришкендей, башында алар МККнын серверлерине чабуулдар жөнүндө жазышкан эмес, МКК өз жообу менен «Самаранын» иштешин өз кызматкерлери камсыздашы мүмкүн деген версияны (же МККнын серверине түз кирүүгө мүмкүндүгү бар адамдар) тастыктаган.

Иликтөөнүн авторлору Улуттук коопсуздук боюнча мамлекекеттик комитетти (УКМК), Ички иштер министрлигин (ИИМ) жана Башкы прокуратураны МККга карата өздүк иликтөө жүргүзүүгө чакырышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: