Милиция патрулдук инспекторлорду «шылдыңдоону» текшерүүдө

Бишкек милициясы үч жаш бала патрулдук милиция кызматкарлерин «шылдыңдап» жаткан фактысы боюнча интернетте жарыяланган видеону текшерип жатат. Мурдараак премьер-министр Сапар Исаков патрулчуларга болушуп, «шылдыңдоолорду» токтотууну талап кылган.

Бишкек ШИИБнин басма сөз катчысы Адыл Оморов «Клоопко» билдиргендей, азырынча видеодогу жаш балдар кылмыш жоопкерчилигине тартылабы же жокпу белгисиз.

«Милиция учурда бул видео боюнча текшерүү жүргүзүп, буга түрткү болгон жагдайдын чоо-жайын аныктап жатат. Ошондуктан азырынча кандайдыр бир комментарий бере албайм», — деди ал.

Видеонун өзү 2-декабрда Нурдин деген аттуу колдонуучу тарабынан YouTube видехостиңине жарыяланган.

Видеодо жөө жүргүнчүнү өткөрбөй койгон айдоочу менен патрулчунун ортосундагы териштирүү чагылдырылган.

Кийинчерээк маектешүүгө жолдон ыктымал өткөрүлбөгөн «жөө жүргүнчү» кошулат.

Айдоочу, жүргүнчү жана жөө жүргүнчү патрулчу унаа башкарганды териштирүүсүз коё бериши керек деп далилдешип, аны жол кыймылынын эрежелеринен адаштырышат.

Премьер-министр Сапар Исаков 14-декабрда жолдордогу коопсуздук маселелери боюнча жыйында видеодогу каармандардын аракеттерин патрулдук милиционерлерди «шылдыңдоо» деп атап, бул нерсени токтотууну талап кылган.

ТЕМА БОЮНЧА: