Бийлик Кыргызстандын жети ири шаарын көрктөндүрүүгө 22,6 млн сом жумшаган

Бийлик Кыргызстандын жети облусунун башкы шаарларын майрамдык көрктөндүрүүгө 22,6 млн сом жумшаган.

Бул каражаттын көпчүлүк бөлүгү Бишкекти шөкөттөөгө кеткен. Борбордун мэриясы Ала-Тоо аянтындагы концерттерди койгон режиссердун кызмат акысына эле 3,3 млн сом жумшаган.

Мындан тышкары, шаарды көрктөндүрүү жана Жаңы жылдык балатыны орнотууга эле 15,7 млн сомдон ашуун каражат сарпталган.

Шаар бийлиги бул каражаттын ичинен Ала-Тоо аянтынын үстүндөгү 3D-форматындагы жасалгага 9 млн сом, аянттын өзүн шөкөттөөгө 2,8 млн сом ал эми 1 млн сомдон ашуун каражатты балатыны орнотууга жумшаган.

Жыйынтыгында Бишкекке 19 млн сомдон ашуун каражат сарпталган.

Ош бийлиги шаарды көрктөндүрүүгө 900 миң сом жумшаган. Оштогу Жаңы жылдык балаты Бишкекте орнотулган майрамдык балатыга салыштырмалуу 5 метрге бийик.

Жалал-Абад мэриясы Жаңы жылдык майрамдарга 1 млн сомдон бир аз көбүрөөк акча бөлгөн. Бийлик шаарды жасалгалап, балдар үчүн майрамдык кечелерди даярдаган.

Ошондой эле, Каракол шаарын майрамдык шөкөттөөгө дагы 1 млн сом сарпталган.

Талас мэриясы 250 миң сом, ал эми Нарындын бийлиги 50 миң сомго азыраак каражат жумшаган.

Бардыгынан Баткендин майрамга даярдыгы арзанга түшкөн. Ал жакта шаар бийлиги шөкөттөөлөргө 163 миң сом жумшашкан.


ТЕМА БОЮНЧА: