Бишкек: Милициянын машинасы учураган жол кырсыгында төрт адам жабыркады

Абдрахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде милициянын машинасын «Дэу Нубира» үлгүсүндөгү машина сүзгөн. Жол кырсыгынан үч милиционерди кошуп төр адам жабыркаган.

Бишкек ШИИБнин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдиргендей, жол кырсыгы 18-декабрь күнү эртең менен болгон.

Анын айтымында, милициянын мобилдик батальонунун машинасы жол чырактын кызыл түсүнө токтогон учурда аны «Дэу Нибура» үлгүсүндөгү машина сүзгөн.

«“Дэу Нибуранын” айдоочусу менен үч милиционер жабыркаган», — деди ал.

Жол кырсыгынын катышуучуларын ар кандай жараттар менен Улуттук госпиталга жеткиришкен.

Экспертизанын маалыматына ылайык, эки машинанын айдоочулары мас эмес абалда болушкан.

Бул соңку айда катталган милициянын машинасынын катыштыгындагы биринчи эле жол кырсыгы эмес.

Үстүбүздөгү жылдын 7-декабрында Шопоков көчөсүндө патрулдук милициянын машинасы «Мазда» үлгүсүндөгү авто унааны сүзгөн.

«Мазданын» айдоочусу менен анын достору милиционерлер менен кайым айтышышып, алар милициянын кызматтык унаасындагы видеорегистраторду алып алышкан.

Экспертизанын жыйынтыгы «Мазда» үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу жана анын жүргүнчүлөрү мас абалында болушканын көрсөткөн. Милиция жаш балдарга каршы «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кармалгандардын үчөөсү эки айга тергөө изоляторуна камалган.


ТЕМА БОЮНЧА: