Курманалиев Коопсуздук кеңешинин катчылык кызматынан кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Курманалиевди Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан алды. Азырынча бул кызматка ким дайындалаары белгисиз.

Жээнбеков Алмазбек Курманалиевдин кызматтан кетүүсү боюнча жарлыкка 18-декабрда кол койгон. Азырынча анын ордуна бул кызматка ким дайындалаары белгисиз.

Курманалиевди Коопсуздук кеңешинин катчылык кызматына октябрь айында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дайындаган.

Буга чейин Курманалиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарлык кызматын ээлеп турган.

Ал өзүнүн эмгек жолун 2005-жылы өкмөттүк аппаратта иштеп баштаган, ал эми эки жылдан кийин коргонуу жана укук тартиптери тармагынын башчысы болуп калган.

2009-жылы эксперт катары президенттин катчылыгына өткөн. Андан соң өкмөттүн алдындагы коргонуу жана укук тартиптери боюнча бөлүмүнө кайтып келген.

Курманалиев 20013-жылдын октябрында Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын инспектору болуп бекитилген.

Коопсуздук кеңеши Кыргызстандын эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн камсыздай турган тышкы жана ички саясатты иштеп чыгуу менен алектенет.  

Коопсуздук кеңешин президент өзү жетектейт, ал эми анын мүчөлөрү болуп бийликтин бардык бутактарында чечүүчү кызматтарды ээлеген адамдар эсептелинет.


ТЕМА БОЮНЧА: