Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) 9-декабрда өзүнүн бардык онлайн кызматтарын жаңы ip-дарекке которду. «Клооптун» журналисттеринин иликтөөсүндөгү «Самара» сайтын камтыган эски ip-дарек деактивация кылынган.

МКК бул операцияны «Самара» сайты тууралуу өзүнүн биринчи басма сөз жыйынына чейин беш күн калганда жасаган.

Өзүнүн басма сөз жыйынында МККнын кызматкерлери «Самаранын» өкмөттүк серверде качандыр бир убакта камтылганын дагы бир жолу четке кагышкан. «Самара» сайтынын жардамы менен 2017-жылдын октябрь айында өткөн президенттик шайлоого таасир этүүгө мүмкүн болчу.

Бирок швециялык Qurium уюмунун санарип криминалисттери декабрь айынын башында МККнын серверлериндеги жогорку активдүүлүккө күбө болушкан. Анын жүрүшүндө мекеменин бардык онлайн кызматтары жаңы ip-дарекке көчүрүлгөн.

Qurium уюмунун кызматкерлери менен «Клооптун» журналисттеринин иликтөөсүндөгү «Самара» сайты камтылган ip-дарек ошондон кийин деактивация кылынган.

Qurium уюмунун изилдөөчүлөрү МКК «шашылыш түрдө» которгон деп эсептейт.

«Жаңы жөндөөлөр шашылыш түрдө жасалган окшойт. Анткени алардын [МКК] ДНС-серверлеринин ишинин ырааттуулугунда бир нече көйгөйлөр чыккан жана жаңы конфигурацияда азырга чейин каталар бар», — деп жазган Qurium өзүнүн техникалык отчётунда.

Андан тышкары Qurium уюмунун кызматкерлери МКК 9-декабрда көчкөнгө чейин өзүнүн домендерин акысыз (же болбосо аябай арзан) орусиялык «Яндекстин» ДНС-сервисинин жардамы менен көзөмөлдөгөнүн бетин ачышкан.

«Мындай начар конфигурация эң жогорку коопсуздук чараларын колдоно турганын айткан мамлекеттик түзүлүш үчүн таң калычтуу», — деп жазышкан швециялык криминалисттер өздөрүнүн отчётунда.

МККнын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов жаңы ip-дарекке көчүү эмне менен байланыштуу экенин билбесин айтып, расмий кайрылуу жолдоону өтүндү.

УКМК азырынча комментарий алуу үчүн жеткиликсиз бойдон калууда.

«Самара» тууралуу иликтөө

«Клооптун» редакциясы 26-октябрда Кыргызстандын өкмөтүнүн серверинде бир ай бою мамлекеттик эмес samara.kg сайты камтылганын далилдеген иликтөөнү жарыялаган.

Сайтта кыргызстандыктардын паспортторунун номерлери, аты жөндөрү, ИНН маалыматтары болгон. Ошондой эле бул сайт президенттик шайлоодо жеңип чыккан талапкер Сооронбай Жээнбеков менен ыктымал байланышы болгон болушу мүмкүн.

Өкмөттүк сервердеги тышкы сайтка кирүү мүмкүнчүлүгү өткөн шайлоодогу үгүт кампаниясынын жүрүшүн олуттуу жеңилдетиши мүмкүн болгон жана ошондой эле, Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын коркунучка кептеген.

МКК журналисттердин иликтөөсүн «жаңы шайлоо технологиясын дискредитациялоо аракети» деп атап, анын артында «эски убактарды эңсеген белгилүү бир саясий күчтөр турат» деп билдирген.

Иликтөөгө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да кызыгып, «Самара» тууралуу материалдын авторлорунун бири Ринат Тухватшинди чакырып, көрсөтмө алышкан.

Авторлоштору: Ринат Тухватшин, Александра Ли


ТЕМА БОЮНЧА: