Прокуратура Исаковдун хан сарайлар шаарчасынын сатылышы менен байланышын жокко чыгарды

«Идеал хаус» хан сарайлар шаарчасындагы үйлөр. Фотосүрөт: Фергана

Башкы прокуратура премьер-министр Сапар Исаковдун Темир Рыскулов менен болгон байланышын жокко чыгарды. Журналисттик иликтөөгө ылайык, Рыскулов «Идеал хаус» хан сарайлар шаарчасын сатып алган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондусу сентябрдын ортосунда шаарчадагы 48 үйдү 142 млн сомго саткан.

Көз карандысыз журналист Элнура Алканова октябрь менен ноябрда мамлекеттин «Идеал хаус» хан сарайлар шаарчасындагы 48 үйдүн сатылышы боюнча эки бөлүктөн турган иликтөөсүн жарыялаган. Ал сатып алуучу «БТА Банктын» директорлор кеңешинин башкармалыгынын төрагасы Темир Рыскулов болгон деп ырастаган.

Журналист Рыскуловду премьер-министр Сапар Исаков менен байланыштырган. Иликтөөгө ылайык, Исаков менен Рыскулов чогуу окушкан.

Бирок Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 18-декабрда билдиргендей, Исаков менен Рыскулов мектеп жылдарында «эч качан бирге окуп же кездешкен эмес».

«Исаков 1994-жылы Ошто жайгашкан Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы №16 мектеп-гимназиясын бүтүргөн кезде Рыскулов 1993-жылы Бишкектеги №5 мектеп-гимназиясын аяктаган. [...] Текшерүүнүн натыйжасында өлкөнүн премьер-министринин, анын туугандарынын же анын жыкынкы айланасындагы адамдардын “Идеал хаус” шаарчасын менчиктештирүүгө болгон тийиштиги аныкталган жок», — деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Ал эми Сапар Исаков өзүнүн 7-декабрда өткөргөн басма сөз жыйынында дагы Тимур Рыскулов менен бирге окугандыгын четке каккан.

Иликтөөгө ылайык, өкмөт башчысынын бир тууганы Капар Исаковду дал ошол 48 коттежди сатып алуу-сатуу келишими учурунда «БТА Банктын» башкармалыгынын төрагалык кызматына дайындашкан.

Бирок Башкы прокуратура коттеждердин сатылышына Капар Исаковдун да тийиштигин жокко чыгарды.

«Капар Исаков аукцион өткөрүлгөнгө чейин жана анын бир тууганы өлкөнүн премьер-министрлик кызматына дайындалганга чейин “БТА Банктын” башкаруу төрагасынын кеңешчиси кызматын ээлеп турган», — деп ырасташууда Башкы прокуратурадан.

Ошондой эле, Башкы прокуратура комплексти баалоону өткөрүп, сатуунун баасын орнотушкан ММБФнын кызматкерлеринин аракетине юридикалык баа берди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, башкы көзөмөл орган «Мамлекеттик көзөмөлдөө органынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү» жана «Менчиктештирүүнү жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

«Аталган объектти менчиктештирүүнү жүзөгө ашырууда ММБФнын кызмат адамдарынын жана жетекчилигинин күнөөлүү же күнөөсүз экени кылмыш ишти иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча аныкталат», — деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Алканованын иликтөөсүнөн кийин «БТА Банктын» жетекчилиги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан журналистке карата кылмыш ишин козгоону суранган. Банктын директору Дмитрий Бодров Алканова банктык жана коммерциялык сырды жайылтпоо боюнча мыйзамын бузду деп эсептейт.

«Көңүлдү буруп кетүү аракети»

Алканова «Клооптун» кабарчысына курган маегинде билдиргендей, ал  иликтөөнү жарыкка чыгаруу алдында Исаков менен Рыскуловдун бирге окушканы же окушпаганы туурасында факттарды текшерген.

«Мен фактчекиң өткөрүп, Ошко барып келгем. Мен Исаков менен Рыскулов коңшулаш класстарда окушканын тастыктап берген мугалимдерден интервью алгам», — деди Алканова.

Ал Башкы прокуратуранын жокко чыгаруусун чоң роль ойнобогон нерселерден «коомчулуктун көңүлүн буруп кетүү аракети» деп атады.

«Алар премьер-министрдин бир тууганы Капар Исаков башкармалыктын кеңешчиси болуп эсептелээрин тастыкташты, бул болсо банктагы жогорку кызмат. [...] Эмне үчүн Рыскулов коттеждерди жалган адамдар аркылуу сатып алды? Эмне үчүн өз атынан катышпай, өзүнө баш ийген фирманы тартты?» — деди журналист.

Алканова «БТА Банктын» жетекчилиги ага каршы кылмыш козгоону талап кылуу менен иликтөөдөгү документтердин тууралыгын далилдеди деп эсептейт.

«Идеал хаус»

«Идеал хаус» коттеж комплекси Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясынан алыс эмес жерде жайгашкан. Аны 2008-жылы кура башташкан. Башында комплекс кулатылган президент Курманбек Бакиев жана анын айланасындагылар үчүн курулган. 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин коттеж шаарчаны улутташтырышып, андан соң сатыкка чыгаршыкан.

ММБФ 48 үйдөн турган коттеж шаарчаны сентябрдын аягында 142 млн сомго саткан.

Ошол кезде ММБФнын башчысы болуп турган Болсунбек Казаков шаардын баштапкы баасы 242 млн сомду түзгөнүн билдирген, бирок шаарчаны тогуз жолу сатыкка коюшкандан кийин анын баасы төмөндөп кеткен.

«Комплекстин баасы айрым бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн жасалма жол менен төмөндөтүлгөн эмес. Объекттер мыйзамдуулук жана башка шарттарды эске алуу менен эң эле жогору бааны сунуштаганга сатылды», — деп билдирген Казаков.

Авторлошу: Рустам Халимов