Бишкек: «Гелендваген» айдаган 7-класстын окуучусу эки машина менен кагышып, электр мамысын сүздү

Кырсык болгон жердеги «Гелендвагендин»сүрөтү.

«Гелендваген» эки авто унаа менен кагышып, Чүй жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги электр мамысын сүздү. Автоунаанын рулунда 7-класстын окуучусу болгон. Жабыркагандар жок.

Жол кырсыгы 19-декабрда Чүй жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде болжолдуу түшкө жакын болгон. Машинанын рулунда окуя болгон жерге жакын жайгашкан №12 гимназиянын 7-классынын окуучусу болгон.

Кырсык болгон жердеги күбөнүн сүрөтү

Кырсыктын күбөсүнүн айтымында, «Гелендваген» Чүй проспектиси менен келе жатып Сүйүмбаев (Мурдагы Карпинский) көчөсүнүн кесилишинде «Хонда CR-V» унаасын сүзгөн.

Бир аз жылгандан кийин жолтандабастагы мектеп окуучусу дагы башка унааны сүзгөн, бирок бул Гоголь көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде болгон.

Натыйжада өспүрүм унааны башкара албай калып, кесилишке жакын жайгашкан жол чекесиндеги гезит-журналдар саткан күркөнүн жанындагы электр мамысын сүзгөн. Жол кырсыгынан жабыркагандар жок.

Окуучу милиция бөлүмүнө жеткирилди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришкендей, машина айып унаа токтотуу жайына жеткирилген.

«Ал бул машина менен үйдөн өз апасынын уруксаты жок кетип калган. Салондо анын 13 жаштагы классташы болгон», — деп билдиришти милициядан.