Өкмөт «Ферганадан» Исаковдун хан сарайлар менен байланышын төгүндөөнү талап кылды

Көз карандысыз журналист Элнура Алканова иликтөөдө. Сүрөт: Kloop.kg

Өкмөт көз карандысыз журналист Элнура Алканова менен «Фергана» басылмасынан төгүндөө менен коомчулук алдында кечирим суроону талап кылды. Алканова «Фергана» басылмасына премьер-министр Сапар Исаковдун «Идеал хаус» хан сарайлар шаарчасынын сатылышына тийиштиги боюнча эки бөлүктөн турган иликтөө жарыялаган.

Өкмөттүн басма сөз кызматы Алканова өз иликтөөсүндө келтирген жүйөөлөр «чындыкка коошпойт» деп эсептейт.

«Өкмөттүн коомчулук менен байланышуу боюнча бөлүмү Фергана.ру басылмасы жана анын кабарчысы Элнура Алканова тараптан КР премьер-министри Сапар Исаковдун жана анын чөйрөсүнүн аталган бүтүмгө тийиштиги бар экендиги тууралуу маалыматтын төгүнгө чыгарылышын жана коомчулук алдында кечирим суроосун талап кылат», — деп айтылган маалыматта.

Көз карандысыз журналист Элнура Алканова октябрь жана ноябрь айларында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондусу (ММБФ) тарабынан «Идеал хаус» хан сарайлар шаарчасындагы 48 үйдүн сатылышы боюнча эки бөлүктөн турган иликтөөсүн жарыялаган. Ал сатып алуучу «БТА Банктын» директорлор кеңешинин башкармалыгынын төрагасы Темир Рыскулов болгон деп ырастаган.

Журналист Рыскуловду премьер-министр Сапар Исаков менен байланыштырган. Иликтөөгө ылайык, Исаков менен Рыскулов чогуу окушкан.

Башкы прокуратуранын четке кагуусу

Бирок башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 18-декабрда билдиргендей, Исаков менен Рыскулов мектеп жылдарында «эч качан бирге окуп же кездешкен эмес».

Ал эми Сапар Исаков өзүнүн 7-декабрда курган басма сөз жыйынында дагы Тимур Рыскулов менен бирге окугандыгын четке каккан.

Иликтөөгө ылайык, өкмөт башчысынын бир тууганы Капар Исаковду дал ошол 48 коттежди сатып алуу-сатуу келишими учурунда «БТА Банктын» башкармалыгынын төрагалык кызматына дайындашкан.

Бирок башкы прокуратура коттеждердин сатылышына Капар Исаковдун да тийиштигин четке каккан.

Ошондой эле, башкы прокуратура «Мамлекеттик көзөмөлдөө органынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү» жана «Менчиктештирүүнү жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кылмыш иши хан саларйлар шаарчасынын реалдуу базар баасын жана ыктымал мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн козголгон. Андан тышкары, башкы прокуратура ММБФнын жетекчилигинин ыктымаал бааны түшүрүүгө болгон тийиштигине күнөөсү бар же жогун аныктайт.

Алканованын иликтөөсүнөн кийин «БТА Банктын» жетекчилиги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан журналистке карата кылмыш ишин козгоону суранган. Банктын директору Дмитрий Бодров Алканова банктык жана коммерциялык сырды жайылтпоо боюнча мыйзамын бузду деп эсептейт.

Ал эми Алканова өзү иликтөөдө Исаков менен Рыскуловдун байланышын жана өкмөт башчысынын «Идеал хаустун» сатылышына тийиштигин далилдегем деп эсептейт.

Ал башкы прокуратуранын жокко чыгаруусун чоң роль ойнобогон нерселерден «коомчулуктун көңүлүн буруп кетүү аракети» деп атады.

Алканова «БТА Банктын» жетекчилиги ага каршы кылмыш козгоону талап кылуу менен иликтөөдөгү документтердин тууралыгын далилдеди деп эсептейт.

«Идеал хаус»

«Идеал хаус» коттеж комплекси Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясынан алыс эмес жерде жайгашкан. Аны 2008-жылы кура башташкан. Башында комплекс кулатылган президент Курманбек Бакиев жана анын айланасындагылар үчүн курулган. 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин коттеж шаарчаны улутташтырышып, андан соң сатыкка чыгаршыкан.

ММБФ 48 үйдөн турган коттеж шаарчаны сентябрдын аягында 142 млн сомго саткан.

Ошол кезде ММБФнын башчысы болуп турган Болсунбек Казаков шаардын баштапкы баасы 242 млн сомду түзгөнүн билдирген, бирок шаарчаны тогуз жолу сатыкка коюшкандан кийин анын баасы төмөндөп кеткен.

«Комплекстин баасы айрым бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн жасалма жол менен төмөндөтүлгөн эмес. Объекттер мыйзамдуулук жана башка шарттарды эске алуу менен эң эле жогору бааны сунуштаганга сатылды», — деп билдирген Казаков.


ТЕМА БОЮНЧА: