ММБФ: «Идеал хаусту» сатууда эреже бузуулар болгон эмес

ММБФнын мурдагы башчысы Дүйшөнбек Зилалиев

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондусунун (ММБФ) башчысы Дүйшөнбек Зилалиев билдиргендей, «Идеал хаус» коттеждик комплексин сатууда эреже бузуулар болгон эмес. Анын айтымында, сатык «ачык-айкын өткөн».

Зилалиев 19-декабрда билдиргендей, 48 коттежди сатууда эреже бузуулар болгон эмес, ал эми сатыктын өзү «ачык-айкын болгон».

ММБФнын башчысы комплексти сатуу боюнча иш чара болгону тогуз жолу жүргүзүлүп, акыр аягында объектти «ВостокТехКомплект» компаниясы 142 млн сомго сатып алган.

«Мен ММБФнын кызматкерлери тарабынан эреже бузуулар болгон жок деп ойлойм. Аукцион тогуз жолу өтүп, тогузунчу жолкусунда гана жүзөгө ашты, бул өзүн-өзү эле айтып турат», — деди Зилалиев.

Зилалиевдин жардамчысы Бакыт Мураталиев тергөө «Идеал хаустун» сатылышы менен байланыштуу документтерди изилдеп жатканын кошумчалады.

«Бааны көз карандысыз компания берген. […] Аукционду бир гана ММБФнын кызматкерлеринен турган эмес, башка мекемелерден турган ведомстволор аралык комиссия караган», — деп билдирди Мураталиев.

ММБФ сентябрдын аягында 48 үйдөн турган коттеждик шаарчаны 142 млн сомго саткан.

Ошол кезде ММБФнын башчысы болуп турган Болсунбек Казаков шаардын баштапкы баасы 242 млн сомду түзгөнүн билдирген, бирок шаарчаны тогуз жолу сатыкка коюшкандан кийин анын баасы төмөндөп кеткен.

«Комплекстин баасы айрым бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн жасалма жол менен төмөндөтүлгөн эмес. Объекттер мыйзамдуулук жана башка шарттарды эске алуу менен эң эле жогору бааны сунуштаганга сатылды», — деп билдирген Казаков.

«Идеал хаустун» сатылышы боюнча иликтөө

«Идеал хаус» коттеж комплекси Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясынан алыс эмес жерде жайгашкан. Аны 2008-жылы кура башташкан. Башында комплекс кулатылган президент Курманбек Бакиев жана анын айланасындагылар үчүн курулган. 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин коттеж шаарчаны улутташтырышып, андан соң сатыкка чыгаршыкан.

Көз карандысыз журналист Элнура Алканова октябрь жана ноябрь айларында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондусу (ММБФ) тарабынан «Идеал хаус» хан сарайлар шаарчасындагы 48 үйдүн сатылышы боюнча эки бөлүктөн турган иликтөөсүн жарыялаган. Ал сатып алуучу «БТА Банктын» директорлор кеңешинин башкармалыгынын төрагасы Темир Рыскулов болгон деп ырастаган.

Журналист Рыскуловду премьер-министр Сапар Исаков менен байланыштырган. Иликтөөгө ылайык, Исаков менен Рыскулов чогуу окушкан.

Өкмөт 19-декабрда Алканова менен «Фергана» басылмасынан Сапар Исаковдун «Идеал хаустун» сатылышына тийиштигин төгүнгө чыгарууну талап кылган. Өкмөттөгүлөр Алканова өз иликтөөсүндө келтирген жүйөөлөр «чындыкка коошпойт» деп эсептешет.

Башкы прокуратура 18-октябрда Исаков менен Рыскулов «эч качан бирге окуп же кездешкен эмес» деген билдирүү менен Алканованын иликтөөсүндөгү маалыматтарды четке каккан.

Ошондой эле, башкы прокуратура «Мамлекеттик көзөмөлдөө органынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү» жана «Менчиктештирүүнү жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кылмыш иши хан саларйлар шаарчасынын реалдуу базар баасын жана ыктымал мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн козголгон. Андан тышкары, башкы прокуратура ММБФнын жетекчилигинин ыктымаал бааны түшүрүүгө болгон тийиштигине күнөөсү бар же жогун аныктайт.

Алканованын иликтөөсүнөн кийин «БТА Банктын» жетекчилиги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан журналистке карата кылмыш ишин козгоону суранган. Банктын директору Дмитрий Бодров Алканова банктык жана коммерциялык сырды жайылтпоо боюнча мыйзамын бузду деп эсептейт.

Ал эми Алканова өзү иликтөөдө Исаков менен Рыскуловдун байланышын жана өкмөт башчысынын «Идеал хаустун» сатылышына тийиштигин далилдегем деп эсептейт.

Ал башкы прокуратуранын жокко чыгаруусун чоң роль ойнобогон нерселерден «коомчулуктун көңүлүн буруп кетүү аракети» деп атады.

Алканова «БТА Банктын» жетекчилиги ага каршы кылмыш козгоону талап кылуу менен иликтөөдөгү документтердин тууралыгын далилдеди деп эсептейт.


ТЕМА БОЮНЧА: