Сот Шыкмаматовго 5 млн сом айып пул төлөө өкүмүн чыгарды

Сот оппозициячыл депутат Алмамбет Шыкмаматовго 5 млн сом штраф салды. Аны 2011-жылы тендердик комиссиянын курамында болуп туруп, Эсеп палатасына өзүнүн аялынын машинасын саткан деп күнөөлүү табышты.

Бишкектин Биричи май райондук соту Шыкмаматовдун күнөөсү далилденди деп эсептеп, ага 5 млн сом айып пул салды. Каражатты ал мамлекеттин пайдасы үчүн төлөп бериши керек.

«Сот Шыкмаматов мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын, соттолбогонун, дайыма иштей жана жашай турган жери бар экенин эске алат. Аталган жагдайларды эске алуу менен айыпталуучу адамга эркинен ажыратуу менен байланыштуу эмес жазага тартуу пайдалуу деп эсептейт», — деди судья.

Ал эми Шыкмаматов жарыш сөз учурунда өз күнөөсүн мойнуна албай иш «саясий мүнөздүү» деп билдирди.

«Адамды толук кандуу далилдерди көрсөтүүсүз соттоого болбойт. Бул кылмыш иши саясий мүнөздүү, бул учурда кылмыштын курамы дагы эмес, кылмыштын окуясы дагы далилденген жок», — деди ал.

Прокурор судьядан Шыкмаматовго мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен аны күчөтүлгөн тартиптеги абакка сегиз жылга эркинен ажыратууну суранган.

Шыкмаматовду 2011-жылы Эсеп палатасына автоунааларды сатып алууга көз салган тендердик комиссиянын курамында болуп, «Барат Люкс» компаниясынын жеңишин жасалма камсыз кылып берген деп күнөөлүү табышты.

Ошондой эле, тергөөчүлөр дагы Шыкмаматов тендердик өтүнмөгө өз аялынын автоунаасын да киргизип, аны 14 500 долларга саткан, автоунаа болсо орто эсеп менен 10 миң АКШ доллары турган деп билдиришүүдө.

Бирок Шыкмаматов айыптоолорду четке кагууда. Саясатчы сотто билдиргендей, Эсеп палатасына жубайынын машинасын анын айдоочусу саткан.

Шыкмаматов менен «Ата Мекенчилерге» каршы кылмыш иштери

Башкы прокуратура Шыкмаматовго каршы 2017-жылдын 17-февралында «Кызматтык бурмалоо» жана «Коррупция» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кийинчерээк айыптоочу тарап сотто «коррупция» жана «коррупцияга кошо катышуу» беренелерин кармана баштаган.

Алмамбет Шыкмаматов — учурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сынга алган «Ата Мекен» фракциясындагы оппозициячыл үч саясатчынын бири.

Шыкмаматовдун бирге иштешкен санаалашы жана партиянын лидери Өмүрбек Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар өлчөмүндө пара алуу айыбы боюнча мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Текебаев Маевскийге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүндүк ачып берүүнү убада кылган.

Партиянын дагы бир мүчөсү жана мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага Максим Бакиевдин адвокаты Алексей Елисеевге лицензияны узартып берди делип, 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.

Бирок Саляновага карата өкүмдүн аткарылышы 2029-жылга чейин жылдырылган, анткени анын кичинекей баласы бар.


ТЕМА БОЮНЧА: