Сот «Занозанын» түзүүчүлөрү менен Чолпон Жакуповага Атамбаевге карызды бөлүп төлөөгө уруксат берген жок

Бишкектин Октябрь райондук соту «Заноза» (учурда Kaktus.Media) басылмасынын түзүүчүлөрү Дина Маслова менен Нарын Айыпка, ошондой эле, укук коргоочу Чолпон Жакуповага мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге 9 млн сомду бөлүп төлөөгө уруксат берген жок.

Дина Маслова, Нарын Айып жана Чолпон Жакупова беш арыздын бирөөсү боюнча Атамбаевге ай сайын өз маяналарынын 50 пайызын бөлүп төлөп берип турууга уруксат алуу үчүн сотко кайрылышкан.

Kaktus.Media басылмасынын түзүүчүлөрүнүн бири Дина Маслова «Клооптун» журналистине курган маегинде билдиргендей, сот аларды Атамбаевге моралдык зыянды бир төлөп кутулууга милдеттендирген.

«Үч соттук жараян бат эле өтүп кетти. Судья өзүнүн баш тартуусун түшүндүргөн жок. Айыптоочу тараптын пикиринде, карызды бөлүп төлөө абдан узакка созулуп кетет», — деди ал.

Маслова ал 3 млн кунду төлөөдөн качпаганын, бирок карызды жабуу үчүн алар алып ала турган эч кандай мүлктөрү жок экенин айтты.

«Нарын Айыптын бир батири бар, бирок ал жакта үчөө менчикке ээлик кылат жана ар бири батирдин үчтөн бир бөлүгүнө талапкер болууда. Жакупованын Ысык-Көлдө карыздын эсебине алыша турган коттежи бар», — деп билдирди ал.

Маслованын айтымында, алар бул чечимди шаардык сотто даттанышат.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, эгерде жоопко тартылып жаткан адам кунду төлөп бербесе аларга кылмыш иши козголушу мүмкүн. Төлөөдөн качуу үчүн бир жылдан эки жылга чейин эркиндиктен ажыратылышы мүмкүн.


ТЕМА БОЮНЧА: