Ташкен — Балыкчы поезди 2018-жылы жайында каттай баштайт

Иллюстративдик сүрөт/ «Кыргыз темир жолу».

Мамлекеттик «Кыргыз темир жолу» компаниясы билдиргендей, 2018-жылдын жай мезгилдеринде Ташкен — Балыкчы темир жол каттамы жанданат. Өзбекстан менен Кыргызстандын президенттери бул маршрут боюнча каттамды жүргүзүүнү декабрдын башында макулдадышкан.

«Кыргыз темир жолунун» басма сөз кызматынан билдиришкендей, жүргүнчү ташыган Ташкен — Балыкчы поезди 2018-жылдын жай ичи аптасына бир жолудан каттап турат.

Маршрут Шымкет — Жамбыл — Бишкек — Балыкчы шаарлары аркылуу өтөт.

Учурда эки өлкөнүн темир жол администрациялары поезддердин жүрүшүнүн иш тартибин иштеп чыгышууда. Жол киренин баасы азырынча белгисиз. Поезд 27 саатка жакын жол жүрүүсү болжолдонууда.

Кыргызстанда болгон 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин Ташкенден поезддер Ысык-Көлгө каттамын токтотушкан.

2015-2016-жылдарынын жай айларында эки өлкөнүн бийлиги Ташкен-Балыкчы темир жол каттамын жандандырууну макулдадышкан. Анда бир тарапка баруунун акысы 4,5 миң сомду түзгөн.

Бирок 2017-жылы поезд кайрадан бул маршрут боюнча каттамын токтоткон, анткени эки өлкөнүн өкмөттөрү керектүү макулдашууларга жетише албай калышкан.

Бул жылы Ташкен-Балыкчы маршруту боюнча каттамды жүзөгө ашыруу боюнча эки өлкөнүн башчысы Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков декабрдын башында Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёевге болгон сапары учурунда макулдашышкан.

Кыргыз-өзбек мамилелери 2016-жылдын сентябрында, Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов дүйнө салгандан кийин жакшыра баштаган.

Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга Ислам Каримов кайтыш болгондон кийин өлкөнү Алмазбек Атамбаев жетектеп турганда келген.

Анда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын 80 пайызын тактоо боюнча документке кол коюшкан, ошондой эле, Камабар-Ата 1-ГЭСин биргелип курууну макулдадышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: