Тажикстан кыргыз айдоочуларына экологиялык төлөм киргизди

Сүрөт: Жеңиш Айдаров / Азаттык

Тажикстандын бийлиги 15-декабрдан баштап Кыргызстандан кирген автоунаалардан экологиялык төлөм ала баштады. Айдоочулар ар бир кирип чыгууга 2 жарым миң сомго чейин салык төлөшүүдө.

Тажикстанга Кыргызстандан кирген автоунаалар экологиялык салык төлөмүн 15-декабрдан тарта төгө башташкан. Экологиялык төлөм деген негиз менен салынган салыктын баасы 500 сомдон 2500 сомго чейин барат. Баткен-Исфара каттамынын жана жүк ташуучу унаалардын айдоочулары белгиленген бааларга нааразы экенин айтышкан.

«Күнүнө ашып барса үч каттам болот. Ар бир кирген сайын эки миң сомдон берсек, күнүгө 6 миң сом болот. Жол кире бир кишиге жүз сом. Бизге эч нерсе калбай атпайбы. Иштебей атабыз, каттам токтоп калды», — деген баткендик айдоочулардын бири Таштан Эгембердиев «Азаттыкка» курган маегинде.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматынан «Клоопко» бидиришкендей, Тажикстанга өтүүчү унаалардан экологиялык төлөм алуу тууралуу токтом ушул жылдын 29-ноябрында тажик өкмөтү тарабынан чыгарылган.

«Ага ылайык, 15-декабрдан тарта мотоциклге — 500 сом (62 тажик самониси), жеңил автоунаага 1000 сом (124 самони), кичи автобустарга 2000 сом (250 самони) төлөнөт. Ал эми оор жүк ташуучу автоунааларга жана автобустар 2400 сом (300 самони) төлөм төгүшөт», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Ушундай эле мыйзам Кыргызстанда 2013-жылдын аягында кабыл алынган. Ага ылайык, өлкө аймагына чет мамлекеттен кирген транспорт каражаттары айлана чөйрөнү булгаганы үчүн 500 сомдон 2500 сомго чейин экологиялык салык төлөшөт.

Авторлошу: Гүлжан Эшбаева


ТЕМА БОЮНЧА: