Алайда бейтапкана убагында оңдолбой кылмыш иши козголду

Каржы полициясы Алай райондук ооруканасын оңдой турган компаниялар курулушка берилген каражатты өздөрүнө ыйгарып алганын аныктаган. Курулуш компаниясынын жетекчисине каршы кылмыш иши козголду.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан (Каржы полициясы) билдиришкендей, Ош облусундагы Алай райондук бейтапканасынын балдар бөлүмүн оңдоо иштерин жүргүзүүгө «С.-Б.» жана «Ф.» аттуу компаниялары менен 2012-жылдын июль айынын башында келишим түзүлгөн.

Келишим боюнча оңдоп-түзөөгө милдеттендирилген компаниянын К.М. аттуу башчысы 2017-жылдын август айына чейин объектти бүтүрүп бериши керек болгон.

Мамлекеттик бюджеттен 54 млн сом акча каражаты бөлүнгөнү менен Алай райондук бейтапканасынын балдар бөлүмүндө оңдоп-түзөө иштери аягына чыга электигин Каржы полициясынын кызматкерлери аныктаган.

Алай райондук каржы полициясы курулуш компаниялардын жетекчисине карата «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу» жана «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Шектүү катары курулуш компаниянын жетекчиси 14-декабрда кармалып, Ош шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына эки айга киргизилген.