Балыкчы — Корумду жолунун курулушу: Бийлик беш айдан бери жумушчуларга маяна төлөй элек

Ысык-Көлдө Балыкчы — Корумду жолун куруп жаткан жумушчулар беш айдан бери маяна алыша элек. Өлкөнүн бийлиги маяналарды төлөп бере турган кытайлык «Лонг Хай» куруучу-компанияга 100 млн сомдон ашуун карыз болуп калган.

Маалымат саат 13:25де жаңыртылды.

Жол транспорт министрлигинин башчысы Жамшитбек Калилов 24.kg басылмасына курган маегинде билдиргендей, жумушчулардын маяналары бир аптанын ичинде төлөнөт.

«Чечебиз, Каржы министрилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Маяналар боюнча маселени жакын арада чечебиз.», — деди Калилов.

«Лонг Хай» компаниясынын жумушчулар профсоюзунун төрагасы Бейшекадыр Сарыбаев басма сөз жыйынында билдиргендей, 500 жумушчу 2017-жылдын августунан бери маяна алыша элек. Жумушчулардын алдындагы жалпы карыздын өлчөмү 100 млн сомдон ашкан.

Анын айтымында, жолдун курулушу 15-декабрда токтотулган. «Лонг Хайдын» жетекчилиги куруучуларды эки айга өргүүгө кетиргени менен азырынча мамлекет компанияга каражат которбойт.

«Бизге мамлекет февралда же мартта акча которбосо, анда биз жумушту авралдык тартипте баштай турганыбызды айтышты. Жолду III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну башталганга чейин бүтүрүү керек болчу, мен ага чейин үлгүрөбүзбү же жокпу айта албайм», — деди Сарыбаев.

Анын айтымында, тездетилген тартиптеги жумуштын натыйжасы жолдун сапатына кедергесин тийгизиши мүмкүн.

«Лонг Хай» компаниясынын курулуш иштеринин жумушчусу Тыныбек Тургуналиев билдиргендей, Корумду айлынан баштап Тамчы айлына чейин жолдун курулушу 90 пайызга бүткөрүлгөн. Бирок Тамчы айлынан башталган Балыкчы шаарына чейинки калган жолдун бөлүгүнүн курулушу баштала элек.

«Жумушчулардын орточо айлыгы 12 миң сомдон 20 миң сомго чейин. Бул көбүнесе үй-бүлөлөрүн багышы керек болгон жаш балдар — Кыргызстандын жарандары. Алар кантип тиричилик кылып жатышат, өз насыяларын кантип төлөп жатышат?» — деп суроо салды Тургуналиев.

Мурдараак премьер-министр Сапар Исаков билдиргендей, Балыкчы — Корумду жолунун курулушу каражаттын жетишсиздигинен улам токтотулган. Исаков жолдун курулушуна каражатты 2018-жылга чейин табууну убада кылган.

Балыкчы — Корумду жолу

Балыкчы — Корумду жолунун курулушу 2015-жылдын ноябрында башталган.

Трассанын узундугу 104 километр жана ал Ысык-Көлдүн бүткүл түндүк жээгин камтыйт. Жолду реконструкциялоо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына, 2016-жылдын сентябрь айына пландалган. Бирок, өкмөттүн каражатынын жоктугунан ал ушул маалга чейин бүткөрүлө элек.

2016-жылдын апрелинде ошол кезде өкмөттү жетектеп турган Сооронбай Жээнбеков курулуш ишине каражат «Мегаком» компаниясынын сатылгандагы кирешесинен бөлүнөт деп билдирген. Бирок компания азырга чейин сатыла элек.  

Жээнбеков ошондой эле жалданма компания менен келишимди жокко чыгаруу мамлекетке 2,5 млрд сом чыгым алып келээрин кошумчалаган.

Чырлуу тендер

Өкмөт Балыкчы — Корумду жолун курууга тендерди 2015-жылы жарыялаган. 6,8 млрд сомдук тендерди ошол учурда лицензиясы жок «Лонг Хай» кытай компаниясы утуп алган.

Лизенциянын жоктугу өкмөттөгү мекемелер аралык иликтөөлөргө негиз болуп, курулушка байланыштуу башка да мыйзам бузуулардын ачылышына өбөлгө түзгөн.

Мыйзам бузууларды иликтөө иштеринин фонунда Транспорт министри Аргынбек Малабаев менен өкмөт башчы Темир Сариевдин кайым айтышуусу жаралган.  

Сариев мыйзам бузуучулуктун себебин Траспорт министрлигинин шалаакылыгы деп белгилеп, Малабаевди жумуштан алууну сунуштаган.

Малабаев өз учурунда Сариевди «Лонг Хай» компаниясынын кызыкчылыктарын сүрөп жатат деп айыптаган.

Бул чырдын арты менен Темир Сариев отставкага кеткен. Көп өтпөй Транспорт министри Малабаев да кызматынан четтеген.


ТЕМА БОЮНЧА: