Шыкмаматов сот өкүмүн даттанат

«Ата Мекен» партиясынын оппозициячыл депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдиргендей, ал айыптоонун өкүмүнө макул эмес жана аны даттанат. Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-декабрда Шыкмаматовго 5 млн сом айып пул салган. Саясатчыны 2011-жылы тендердик комиссиянын курамында болуп туруп, Эсеп палатасына өзүнүн аялынын машинасын саткан деп күнөөлүү табышкан.

Шыкмаматов «Азаттык» үналгысына курган маегинде өзүнүн күнөөсү жок экенин билдирип, соттун чечимин даттана тургандыгын айтты.

«Сот мага карата туура эмес кылмыш ишин козгошкон тергөө менен прокуратураны жашыруу үчүн мени күнөөлүү деп тааныды. Менин эч бир күнөөм жок. Ал жакта кылмыштын курамы дагы эмес, кылмыштын өзү дагы жок», — деди ал.

Бишкектин Биричи май райондук соту 19-декабрда Шыкмаматовду 2011-жылы Эсеп палатасына автоунааларды сатып алууга көз салган тендердик комиссиянын курамында болуп, «Барат Люкс» компаниясынын жеңишин жасалма камсыз кылып берген деп күнөөлүү таапкан.

Ошондой эле, айыптоочу тарап Шыкмаматов тендердик өтүнмөгө өз аялынын автоунаасын да киргизип, аны 14 500 долларга саткан, автоунаа болсо орто эсеп менен 10 миң АКШ доллары турган деп эсептешүүдө.

Сот Шыкмаматовду ал эч качан кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын эске алуу менен аны эркиндигинен ажыратпоону чечип, саясатчыга болгону 5 млн сом өлчөмүндө айып пул салды.

Шыкмаматов менен «Ата Мекенчилерге» каршы кылмыш иштери

Башкы прокуратура Шыкмаматовго каршы 2017-жылдын 17-февралында «Кызматтык бурмалоо» жана «Коррупция» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кийинчерээк айыптоочу тарап сотто «коррупция» жана «коррупцияга кошо катышуу» беренелерин кармана баштаган.

Алмамбет Шыкмаматов — учурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сынга алган «Ата Мекен» фракциясындагы оппозициячыл үч саясатчынын бири.

Шыкмаматовдун бирге иштешкен санаалашы жана партиянын лидери Өмүрбек Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар өлчөмүндө пара алуу айыбы боюнча мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Текебаев Маевскийге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүндүк ачып берүүнү убада кылган.

Партиянын дагы бир мүчөсү жана мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага Максим Бакиевдин адвокаты Алексей Елисеевге лицензияны узартып берди делип, 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.

Бирок Саляновага карата өкүмдүн аткарылышы 2029-жылга чейин жылдырылган, анткени анын кичинекей баласы бар.


ТЕМА БОЮНЧА: