Калкты тейлөө борборлору жыл аягына чейин ишемби күндөрү дагы иштешет

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы билдиргендей, Калкты тейлөө борборлору (КТБ) алты күндүк иштөө тартибине өтүшөт. Мындан тышкары КТБлардын иш күндөрү бир жарым саатка узарат.

«Инфоком» билдиргендей, 21-декабрдан тартып өлкө боюнча бардык КТБлар эртең мененки саат 8ден 18:00гө чейин иштөө тартиптерине өтүшөт.

Мындан тышкары, түштөнүү убактысы 30 мүнөткө кысыкартылат, бул КТБлардагы иш күнүн бир жарым саатка узартат.

Ошондой эле, КТБлар 23-декабрдан баштап 30-декабрга чейин калкты ишемби күндөрү дагы тейлей башташат. Алар эртең мененки саат 8ден 14:00гө чейин иштешет.

«Бул документ жасатууга кайрылып жаткан жарандардын көп болуп жаткандыгына жана кезек күтүүлөр жаралып, КТБга кайрылып жаткандардын наарызычылыгы менен байланыштуу», — деп билдиришти аталган мекемеден.

«Инфокомдон» мындай иш тартиби декабрга чейин гана уланаарын кошумчалашты, ал эми 2018-жылдын январынан баштап беш күндүк иштөө тартибине өтүшөт.

Жарандар чоң кезек күтүүлөргө арызданышканы үчүн октябрь айында Бишкектин Ленин районунда кошумча Калкты тейлөө борбору ачылган.


ТЕМА БОЮНЧА: