Кытай Бишкекте дагы 74 чакырым жолдун оңдолушун каржылайт

Кытай бийлиги Бишкектин көчөлөрүн оңдоого 42 млн доллардан ашуун грант бөлөт. Учурда калаа бийлиги кытай грантынын эсебинен шаардын 49 көчөсүн реконструкциялоодо.

Кытай бөлө турган акчага жалпы узундугу 74 чакырымды түзгөн Бишкектин жолдорунун дагы 60 тилкесин реконструкция кылууга жетет. Бул жардам «Бишкектин жол тармактарын өнүктүрүү» боюнча долбоорунун экинчи фазасы болуп калат. Азырынча кайсыл көчөлөр оңдоло тургандыгы белгисиз.

Шаар бийлиги 2016-жылдан бери жалпы узундугу 100 чакырымдан ашкан шаар көчөлөрүн оңдоп жатат. Анда Кытай бийлиги реконструкцияга дээрлик 73 млн доллар өлчөмүндө грант бөлгөн.

Бишкектин мэри Албек Ибраимов билдиргендей, кытай грантына курулган жаңы жолдор капиталдык оңдоосуз 10-15-жылга чыдайт.

Айрым көчөлөрдө реконструкция иштери жол четиндеги бактардын кыйылышына каршы чыгышкан жергиликтүү жашоочулар менен экологдордун нааразычылыгын жараткан.


ТЕМА БОЮНЧА: