Жалал-Абад: Милиция итти мыкаачылык менен өлтүрүүнү териштирип жатат

Жалал-Абад облусунун милициясы итти мыкаачылык менен өлтүрүү фактысын иликтеп жатат. Мурдараак жаш бала итти курал менен атып жатканы тартылган видеону интернетке жарыялашкан.

Жалал-Абад ИИБнен «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, жаш бала курал менен итти өлтүрүп жатканы тартылган видеонун айынан иликтөө башталды.

«Учурда иштин материалдарын чогултуп жатабыз. Кылмыш иши козголуп калышы мүмкүн», — деп билдиришти ИИБдин басма сөз кызматынан.

Мурдараак «Инстаграм» колдонуучусу Арген Шерматов өзүнүн аккаунтунда итти атып жатканы тартылган видеону жайгаштырган. Бул видео коомчулуктун нааразылыгын жаратып, кийинчерээк пост өчүрүлгөн.

Эскертүү! Видеодо жандыктын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү чагылдырылган.

Ал эми Шерматов өз аракетин «ит көптөгөн көйгөйлөрдү» жараткан деп айтып түшүндүргөн.

«Ал кошуналардын тоокторун жеп, адамдарга тиш салган. Соңку күндөрү кутурма менен ооругандай белгилерди байкай баштадым. Ал эми видеону социалдык баракчама иттен зыян тарткан кошуналарым көрсүн деп жүктөп койгом», — деп айтып берген ал.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодекси боюнча жаныбарларга карата мыкаачылык кылуу үчүн 10 миң сом штраф же 150 саатка чейин коомдук иштерге тартуу менен жазаланат.