Зилалиев кылмыш ишинен улам кызматтан кетти

Маммүлк фондусунун мурдагы башчысы Дүйшөнбек Зилалиев

Маммүлк фондусунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиев дайындалганынан кийин бир айдан соң кызматтан кетти.

Зилалиевдин кызматтан кетүүсү боюнча 21-декабрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун басма сөз кызматы билдирген.

Зилалиев өзүнүн кызматтан кетүүсүн президенттин инаугурациясы күнүндө бомба боюнча жалган маалымат үчүн козголгон кылмыш ишинин фигуранты болуп калганыгы менен түшүндүргөн.

«Жакында эле мен анчейин түшүнүксүз ыктымал бомба коюлгандыгы боюнча маалымат туураалуу кылмыш ишинин фигуранты болуп калдым. Бул факт коомчулукта абдан чоң резонанс жаратып, ал эми ЖМКлар бул боюнча мени кодулап, массалык долуланууларды башташкан. Бул жагдайлар албетте менин ар намысым менен кадыр баркыма доо кетирди, мындан да маанилүүсү бүтүндөй өкмөткө көлөкө түшүрүп жатат», — деп келтирди Зилалиевдин сөзүн басма сөз кызматы.

Зилалиев өкмөт менен премьер-министр Сапар Исаковду «соккуга калтырууга» укугум жок деп эсептейт.

«Жаралган жагдайда бул кылмыш иши боюнча териштирүүлөр аягына чыкканга чейин жалгыз туура чечим — кызматтан кетүүм болот», — деп айтылат басма сөз кызматтын маалыматында.


ТЕМА БОЮНЧА: