Бийлик «Клооптун» «Самара» боюнча иликтөөсүнө кандай реакция кылды?

МККнын төрагасы Дастан Догоев (солдо экинчи) жана учурдагы Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков (солдо үчүнчү). 2017-жыл 15-август. Сүрөт: Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы

Кыргызстандын бийлиги «Самара» тууралуу иликтөөгө ар кандай реакция кылууда: Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) четке какты, өлкө жетекчилиги териштирүүнү убадалап жатат.

2017-жылдын 28-октябры. МККнын алгачкы реакциясы

МКК 48 сааттан кем эмес убакыт аралыгында жүргүзгөн ички иликтөөсүнүн жыйынтыгында, алардын серверинде бузуп кирүү болбогонун, samara.kg сайты анда жайгаштырылбагандыгын маалымдады.

«Эч бир жеке менчик сайт веб-серверлерге жайгаштырылган эмес жана коомчулукка ачык жерде маалымат базасы менен чогуу жайгашуусу мүмкүн эмес. Себеби маалыматтык коопсуздук саясаты мындайга жол бербейт», — деп билдирди МКК.

Аталган мекеме «чындыкка коошпогон макаланы» «Клооптон» төгүнгө чыгарууну талап кылган. Редакция бул нерсени кылбастыгын билдирген, ошондон кийин МКК сотко берүүнү убада кылган.

2017-жылдын 30-октябры. Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабынын мурдагы башчысы: «Самараны» колдонушкан эмес

Фарид Ниязов. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабынын мурдагы башчысы, ал эми учурда президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов алар «Самараны» колдонбогонун айтып, «Самара» боюнча маалыматты «кимдир бирөөнүн чагымы» деп атаган.

«Бул, албетте, штабдын жумушуна эч кандай тийешеси жок. Мен бул көбүнесе кимдир бирөөнүн чагымы, Кыргызстанда мындай тынч, ачык-айкын, демократиялык шайлоодо элдин тандап алаары жакпай аткандардын чагымы деп эсептейм», — деди ал.

Ниязов социал-демократтар «Самара» боюнча маалыматты иликтеп жатышканын кошумчалаган.

2017-жылдын 1-ноябры. МККнын басма сөз катчысы бир гана расмий сурам аркылуу баарлашууну өтүндү

Мелис Эржигитов. Сүрөт: Эржигитовдун фейсбук барагы

Редакция материалды өчүрүүдөн баш тарткандан кийин ММКнын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов «Клооптун» журналистеринин чалууларына бир жумадан ашуун жооп берген жок.

Ал мындан ары редакциянын журналисттери менен бир гана «соттук тартипте» баарлаша турганын билдирди. Бир аз убакыт өткөндөн кийин сөзү өзгөрүлүп, ал журналистти суроолоруна расмий сурам жөнөтүүнү өтүндү.

Жүргүзүлгөн ички иликтөөнүн жыйынтыктарын көрсөтүү боюнча расмий сурамга МКК каршы жооп узатып, маалымат конфиденциалдуу деп атады.

2017-жылдын 20-ноябры. Эми мурдагы президент болуп калган Алмазбек Атамбаев: УКМК «Самара» боюнча иликтөө менен алектенип жатат, бирок ал дагы «Клоопко» каршы бурулуп калышы мүмкүн

Алмазбек Атамбаев. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Президенттик кызматтан кеткен Алмазбек Атамбаев өзүнүн акыркы басма сөз жыйынында билдиргендей, УКМК «Самара» боюнча иликтөө менен алектенип жатат. Бирок ал атайын кызматтын иликтөөсү «Клооптун» редакциясына каршы бурулуп калышы мүмкүн деп кошумчалап, ал эми материалдын өзүн «чагым» деп атаган.

«"Клоптогу" жолдоштор, аны менен УКМК алектене баштады. Мына көрөсүңөр, ал жакта байланыш Сооронбай Жээнбеков менен эмес, силердин тарапка барып бурулуп калышы мүмкүн. УКМК муну менен алектенүүдө. Бул уюшулган атайын чагым… Келгиле, иликтөөнүн жыйынтыгын күтө туралы», — деп билдирген Атамбаев.

Атайын кызмат «Клоопко» «Самара» боюнча иликтөө жүрүп жатканын тастыкташкан, бирок кененирээк маалымат берүүдөн баш тартышкан. УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов ишендиргендей, иликтөөнүн жыйынтыгы белгилүү болоору менен дароо ачыкка чыгарылат.

2017-жылдын 7-декабры. Премьер-министр Сапар Исаков: «Самара» шайлоого таасир эткен эмес, «Клооптун» иликтөөсү боюнча териштирүүлөр уланууда

Премьер-министр Сапар Исаков дагы текшерүү иши жүрүп жатканын жана samara.kg сайты МККнын серверине жайгашканы далилденбегенин айтат. Исаков «Таза коом» электрондук өкмөт программасын жетектейт. Бул долбоор дагы «Самара» иштеген серверде жайгашкан.

Анын айтымында, биринчи эле «Самара» шайлоонун жүрүшүнө таасир этип-этпегени жана МККнын системасын чын эле бузуп кирүү болуп-болбогону текшерилген.

Сапар Исаков. Сүрөт: Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы

«Муну менен алектенип жаткан эксперттер, адистер бир ооз менен  системага кийлигишүү болбогонун айтышып, далилдешти. Тагыраак айтканда, тышкы кийлигишүү болгон эмес», — деди Исаков.

Ал эгерде «Самаранын» өкмөттүк серверде болгондугу жана кандайдыр зыян келтиргени далилдене турган болсо, күнөөлүүлөр жазага тартылаарын убада кылган.

«Эгерде иликтөөнүн жыйынтыгы мындайга жол берилбеш керектигин жана бул абал кандайдыр зыян келтирүүгө жеткиргендигин далилдесе, анда жазанын оордугу кандай боло турганы ошондон көз каранды», — деген премьер-министр.

2017-жылдын 14-декабры . ММКнын биринчи басма сөз жыйыны: Далилдерди бербейбиз, бирок «Самара» серверде болгон эмес

ММК «Самара» боюнча өзүнүн алгачкы басма сөз жыйынын иликтөөнүн биринчи бөлүгү чыккандан соң бир жарым ай өткөндөн кийин уюштурду.

Басма сөз жыйынында «Инфоком» маалыматтык системалардын башчысы Эрик Табалдиев билдиргендей, ички иликтөөнү ММКнын ар түрдүү департаменттеринин «компетенттүү адистери» кирген комиссия өткөргөн.

Анын айтымында, алар «бардык логдорду» карап чыгышып, эч нерсе таба алышкан эмес. «Эки доменге (samara.kg жана mls.kg) шилтеме берген эч кандай аракеттер, мындай жазуулар табылган эмес», — деди Табалдиев.

Ошондой эле, ал кызматкерлер арасында «Самараны» өкмөттүк серверде жайгаштыруу боюнча алдын ала сүйлөшүп алуулар болгон эмес деп ишендирди.

«Кандайдыр бир кызматкер же эки-үч кызматкер өз-ара сүйлөшүп алып, андан соң өчүрүп салышкан аракеттерди да тапкан жокпуз», — деди «Инфоком» маалыматтык системаларынын башчысы.

МККнын борбордук аппаратынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Кубат Черикчиев эмне үчүн редакциянын журналисттери «Самараны» дал алардын серверинен тапканы боюнча версиясын чыгарды.

«Жумушчу комиссия арам ойлуулар МККнын ip-дарегин коопсуздук системасын алдоо, бурмалоо жана чыныгы даректи жашыруу максатында колдонууга аракет кылышканын белгиледи», — деди ал.

Анда Черикчиев кайрадан МКК иликтөөнүн авторлорун сотко бере тургандыгын убада кылып, бирок арыз качан берилээри боюнча так убакытты айткан эмес. МККнын статс-секретары Данияр Бакчиев коомдук иш чаралардын биринде кызмат соттошо турганын билдирген.

Бирок Эржигитов дагы, Бакчиев дагы, МКК өзү да «Самаранын» алардын серверинде жайгашканы тууралуу «Клооптун» журналисттери чогултушкан далилдерге каршы бир дагы контраргументтерди келтиришкен жок.

МККнын «Самара» боюнча басма сөз жыйыны. Сүрөт: Kabar.kg

Ошол эле басма сөз жыйынында МКК «Клооптун» журналисттерин асылуулар жана сурамдар менен «бомбалоого» айыптаган. Ошол эле учурда аталган мекеме журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартып, өздөрүнө расмий сурамдарды жөнөтүүнү өтүнгөн.

«Мына ушул белгилүү бир маалыматтык веб-сайт тарабынан токтолбогон сурамдар менен соо эмес кызыгуулар бизди кооптондура баштады», — деген Черикчиев.

2017-жылдын 14-декабры. «Кабар» «Самара» боюнча макаладагы сөздөрдү бурмалаган

Басма сөз жыйынынан кийин мамлекеттик «Кабар» маалымат агенттиги «Азия Инфонун» өкүлүнүн сөздөрүн колдонуу менен «Самара» МККнын системасынан тышкары иштегендиги тууралуу макала жарыялаган. Ал эми «Азия Инфонун» кызматкери андай нерсе айткан эмес болуп чыккан.

2017-жылдын 19-декабры. «Кабар» цитатаны өзгөрттү

«Клооптун» кабарчысы менен сүйлөшүүдөн бир нече сааттан кийин «Кабар» цитатаны өзгөрткөн, бирок материалда баары бир так эместик сакталып калган — өзгөртүлгөн абзацтагы цитатанын алдында «Кочанов аталган уюмдун адистери дагы МККнын системасынын иши боюнча ички иликтөө жүргүзүшкөнүн айткан» деп жазылып турат.

Кочанов басма сөз жыйында мындай нерсе айткан эмес жана «Азия Инфо» МККнын системасынын иши боюнча иликтөө менен алектене алмак эмес, анткени, ага кирүү мүмкүнчүлүгү жок. МККнын системасы жашыруун болуп эсептелинет жана ал менен иштөө үчүн өзүнчө бир деңгээлдеги жеткилик мүмкүнчүлүгү талап кылынат.