Каржы полициясы журналисттик иликтөөдө «банктык сыр ачыкка чыгарылганы» үчүн кылмыш ишин козгоду

«Идеал хаус» хан сарайлар шаарчасындагы үйлөр. Фотосүрөт: Фергана

Кыргызстандын каржы полициясы көз карандысыз журналист Элнура Алканованын иликтөөсүндө «банктык сыр жайылтылганы» үчүн кылмыш ишин козгоду. Журналист «Идеал хаус» хан сарайлар шаарчасын банктын башкармасынын төрагасы Темир Рыскулов сатып алгандыгын далилдөө үчүн «БТА Банктын» документтерин колдонгон.

Каржы полициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, кылмыш иши журналист Элнура Алканованын иликтөөсүндө колдонулган документтерден улам «Коммерциялык, банктык же башка сырды жайылтуу» жөнүндө кылмыштуулук белгилери боюнча козголгон.

Каржы полициясына «БТА Банктын» жетекчилиги кайрылган. Банктын маалыматына ылайык, Алканова банктык сырды түзгөн документтерди колдонгон, негизинен сөз «Байланышкан жана биригишкен адамдардын тизмеси» жөнүндө болууда.

Банкта өткөрүлгөн иликтөөгө ылайык, Алкановага интервьюну чектелген маалыматтарга кирүү мүмкүнчүлүгү бар «БТА Банктын» болжолдуу юристи берип, кызматтык маалыматтарды ачыкка чыгарган.

Алканова «БТА Банктын» жетекчилиги ага каршы кылмыш козгоону талап кылуу менен иликтөөдөгү документтердин тууралыгын далилдеди деп эсептейт.


ТЕМА БОЮНЧА: