Мекемелерге президенттин портретин илүү милдеттендирилбейт

Сүрөт: Президенттин маалымат кызматы

Президент Сооронбай Жээнбековдун портретин өлкөдөгү мекеме-ишканаларга илүү милдеттүү эмес.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева «Клоопко» кабарлагандай, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеме-ишканаларга президенттин портретин илүү боюнча милдеттеме берилген эмес.

Анын айтымында, аймактардан өлкө башчысынын сүрөтүн бергиле деген кайрылуулардан улам бирдиктүү портрет бекитилген. Портретти алууну каалагандар президенттик аппараттын иш башкармалыгына кайрылса болот.

«Портрет сатыкка чыгарылбайт. Болгону стандарт формада жасап берилет. Аны даярдоо, рамкасын сатып алуунун баасы 700 сомго барат», — деп билдирди Стамалиева.

Ош шаарындагы Ломоносов мектебинин директору Гүлмира Осекова президенттин портретин Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан 1200 сомго сатып алганын билдирген. Ал эми аталган башкармалык Жээнбековдун портретин сатыкка чыгарып атканы тууралуу маалыматты төгүндөдү.


ТЕМА БОЮНЧА: