НТС телеканалы мүлкүнүн каммакка алынышын даттанат

НТСтин басма сөз борбору. Сүрөт: Марат Абдыкалыков / Kloop.kg

Телеканалдын өкүлдөрү сот «чечимди эреже бузуулар менен кабыл алганы» үчүн мүлктүн камакка алынышын даттанышаарын билдиришти. Телеканал жумушун мурдагы тартипте улантууда.

НТСтин юристи Амантур Абдрахманов билдиргендей, Бишкектин райондор аралык сотунун мүлктү камакка алуу боюнча чечиминде эреже бузуулар бар.

Анын айтымында, сот арыздын негиздемесин текшерген эмес жана жарым сааттын ичинде НТСтин мүлкүн камакка алууну токтом кылган.

«Доо мөөнөтүнүн эскириши үч жылды түзөт. Алар доону 2011-жылдагы окуялар боюнча берип жатышат, андан бери алты жыл өттү. Биз эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигин орой эреже бузуу деп эсептейбиз», — деди Абрахманов.

НТСке арыз берген «Grexton Capital Ltd» Убактылуу өкмөт компаниянын жетекчилигине «саясий куугунтук» кылган деп билдирүүдө.

Кийинчерээк бийликке 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн башчысынын биринчи орун басары болуп турган Алмазбек Атамбаев келген.

«Бул "Аянт" (мурда НТСке ээлик кылган — ред.) компаниясынан карыздарды төлөтүп алуу үчүн доо арыз берүүгө форс-мажор, жеңилгис күчтүн жагдайы болуп калган», — деп айтылат телеканалга карата арызда.

Абдрахмановдун айтымында, 2009-жылы «Аянт» компаниясы Максим Бакиевдин көзөмөлүндөгү НТС телеканалын өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. Бирок 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстандын соттору НТС телеканалын баштапкы ээсине кайтарып берген.

«Биз камакка алуу боюнча чечимди даттанабыз. Биз арыз берген тарап келтирип жаткан бардык дооматтар жокко чыгарылат деп эсептейбиз. Чындык биз тарапта. Арыз берүүчүн дооматтары маанисиз», — деди Абрахманов.

Телеканалдын башкы директору Жайнак Үсөн уулу телеканал баштапкы тартипте иштеп жатканын айтты.

«Сот аткаруучулар 20-декабрда мүлктү каттоого алууну жыйынтыкташты. Мүлктү мага ишеним башкарууга өткөрүп беришти. Учурда компания мурдагыдай тартипте иштеп атат. Биз эфирге чыгып атабыз, бир да жолу үзгүлтүккө учураган жок. Бизге контентти өзгөртүү боюнча кандайдыр бир сунуштар түшкөн жок», — деди ал.

Мүлктү камакка алуу

Сот аткаруучулары НТС телеканалынын имаратына 19-декабрда келишкен. Алар телеканалдын кызматкерлерине Бишкек райондор аралык соттун компаниянын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн камакка алуу тууралуу аныктамасын көрсөтүшкөн.

Сот телеканалдын мүлкүн «Grexton Capital Ltd» компаниясынын мурда телеканалга ээлик кылган «Аянт» компаниясына карата берген арызынын негизинде камакка алган.

«Grexton Capital Ltd» компаниясынын өкүлү Елена Дзимидовичтин айтымында, фирма 2009-жылы үч компанияга 2 млн 457 миң АКШ долларын салган. Алуучулардын бири катары «Аянт» компаниясы болгон.

Дзимидович 2011-жылы «Аянт» компаниясын мыйзамсыз түрдө жоюп салышкан деп билдирүүдө, анткени компаниянын карызы бар болгон. «Grexton Capital Ltd» «Аянтты» сотко берди, анткени ага салынган каражаттарды кайтарып алгысы келет.

Телеканалы менен байланыштыгы бар парламенттин депутаты Өмүрбек Бабанов мүлктү камакка алууну «рейдерлик басып алуу» деп атады.

«Grexton Capital Ltd» компаниясынын артында ким турат?

«Grexton Capital Ltd» компаниясынын кызыкчылыктарын коргоо ишенимине Сергей Костырин кол койгон. Ал Кыргызстандын кулатылган президенти Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин жакыны.

Ишенимге ылайык, компания Белиз мамлекетиндеги офшорлордо катталган. Ишеним учурда Курманбек Бакиев жашап жаткан Белорусиянын Минск шаарында түзүлгөн.

Сергей Костырин — Максим Бакиевдин классташы. Ал эл аралык издөөдө, ошондой эле, аны Кыргызстанда кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу үчүн сыртынан 20 жылга түрмөгө кесишкен.

Костырин 2010-жылдагы апрель ыңкылабына чейин карамагында «Пирамида» жана «Бешинчи канал» телекомпаниялары болгон «25 кадр» компаниясына ээлик кылган. Бакиев кулатылгандан кийин бул телеканалдар улутташтырылган.


ТЕМА БОЮНЧА: