Ош: Сүйүмбаев стадионун оңдоого 3 млн сом жумшалат

Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадион

Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев стадионун оңдоп-түзөө иштерине 3 млн сом бөлүндү. Бул каражат футбол талаасынын отургучтарын алмаштырууга жумшалат.

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Талантбек Канатбек уулу «Клоопко» кабарлагандай, түштүк борбордун башкы стадионунун отургучтары алмаштырылат.

«Ош мэриясы тарабынан 3 млн сом каражаты бөлүнүп, тендер жарыяланды. Бир айдан ашыгыраак убакыттан кийин кайсы компания оңдоо иштерин жүргүзөөрү билинет», — деди Канатбек уулу.

Анын айтымында, стадиондун табигый оюн талаасы жакшы абалда болгондуктан аны калыбына келтирүү муктаждыгы жок.

Футбол талаасындагы отургучтар акыркы жолу мындан 17 жыл мурда коюлган. Стадиондун кызматкери Алтынбек Арзыбаев маалымдагандай, анда 11 миң көрүүчүгө отургучтар орнотулган.

Ош шаардык стадиону 1965-жылы курулуп, ал жалпы 17 миң көрүүчүгө ылайыкталып жасалган. 1980-жылдардын башында футбол талаасына мамлекеттик жана коомдук ишмер Ахматбек Сүйүмбаевдин аты ыйгарылган.