Жээнбеков президент катары алгачкы жолу Казакстанга барат

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-26-декабрда Астанага барат. Андан соң ал Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Москвадагы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

Жээнбековдун келээрки пландары жөнүндө президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди. Анын айтуусунда, Астанадан кийин Москвага сапар тартууну орусиялык тарап сунуштаган.

«Ал жакта КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт. Катышуучулар аймактык мүнөздөгү актуалдуу маселелерди талкуулашат», — деди Субакожоева.

Москвада Жээнбеков менен Путиндин ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр болбойт.

Жээнбековдун Астанага баруусу президент катары Казакстанга болгон алгачкы сапары болуп калат. Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев Минскдеги Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун (ЖККУ) жолугушуусунда кыргыз президентин Астанага келүүнү өзү демилгелеген.

Ошол Минскдеги жолугушуудан кийин тараптар кыргыз-казак чек арасынан жүктүү унаалар мурдагыдай эле жеңилдетилген тартипте өтө алышаары боюнча келишишкен.

Келерки Орусияга боло турчу сапар Жээнбеков үчүн экинчиси болуп калат. Биринчи жолу ал Москвага өлкө башчысы катары 29-ноябрда барган. Ал президент катары биринчи жолу Орусияга баргандыгын «өтө маанилүү» болуп калган деп атаган.

Ошондой эле, Жээнбеков 13-14-декабрда Өзбекстанга барган. Ал өзүнүн өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиёев менен Ташкендеги жолугушуусу учурунда Өзбекстан «дос өлкөдөн стратегиялык өнөктөшкө айланып калды» деп билдирген.

Эки өлкөнүн башчылары жаңы аба жана темир жол каттамдарын ачууну, ошондой эле, өзбек техникаларын Кыргызстандын аймагында биргелешип өндүрүүнү макулдашышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: