Төрт адам набыт болгон жол кырсыгынын күнөөкөрү жатак абагына кесилди

Набыт болгон фельдшер Марипа Садыбакасова менен тез жардамдын айдоочусу Кожомурат Адыракаев. Алар ошол кырсыктан улам каза болушкан 19 жаштагы кош бойлуу келин менен анын бир тууганын ооруканага жеткирип бара жатышкан.

Ысык-Көл райондук соту октябрь айында тез жардам унаасын сүзгөн кызды 10 жылга жатак абагына кести. Ошондогу жол кырсыгынан төрт адам, анын ичинде кош бойлуу келин набыт болгон.

Кырсыктын күнөөкөрү «Транспорт каражаттарын пайдалануу жана жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга жатак абагына кесилди. Сот ага үч жыл сыноо мөөнөтү менен шартуу түрдө жазага тартуу чарасын аныктады.

Жол кырсыгынын күнөөкөрү өкүм күчүнө киргенге чейин камакта болот, андан соң ал боштондукка чыгарылат.

Жол кырсыгы 1-октябрга караган түнү Чолпон-Ата шаарынын жанында болгон. Чоң ылдамдыкта келе жаткан «Мерседес» үлгүсүндөгү машина тез жардам унаасын сүзүп, натыйжада тез жардам уунаасы жол тилкесинен чыгып, эки жолу оодарылып кеткен.

Тез жардам машинасындагы бардык төрт адам — айдоочу, фельдшер, 19 жаштагы кош бойлуу келин жана анын бир тууганы — кырсык болгон жерде жан беришкен.

«Мерседестин» төрт жүргүнчүсү жабыркаган эмес. Тергөөнүн версиясы боюнча, бул машинанын айдоочусу менен жүргүнчүлөрү мас абалдарында болушкан.

Адам өмүрүн алган жол кырсыктары үчүн жазаны күчөтүү

2017-жылдын декабрында парламентте үчүнчү окууда мыйзам долбоору жактырылды, ага ылайык, адам өмүрүн алган жол кырсыгынын күнөөкөрүнө жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулат.

Бир нече адамдын өлүмү үчүн жол кырсыгынын күнөөкөрү транспорт башкаруу укугунан үч жылга, ал эми эркинен жети жылдан 10 жылга чейин ажыратылмакчы.

Эгерде айдоочу жол кырсыгы болгон учурда мас же наркотикалык заттарды колдонгон абалында болсо, анда ал машина айдоо укугунан үч жылга ажыратылып, 10 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Мыйзам долбоору эгерде ага Сооронбай Жээнбеков кол койсо күчүнө кирет.


ТЕМА БОЮНЧА: