Көргөзмөдө калпак кийгизилген ит коомдук желеде нааразычылык жаратты

Бишкекте 22-декабрь күнү иттердин мода көргөзмөсү болуп өттү. Анда башына калпак кийгизилип подиумга чыккан үй жаныбарынын сүрөтү интернет колдонуучуларынын нааразычылыгын жаратты.

Борбор калаадагы «Бишкек парк» соода борборунда өткөн иттердин мода көргөзмөсүнө 17 ит катыштырылган. Иш-чарага үй жаныбарларын жаңы жылдык формалар менен чыгарышып, калпак кийгизилген иттин «Кара жорго» формасы 2-орунду алган.

«1-орунду моряк образындагы “Хаски” породасындагы ит алса, [...] Орусиянын мурунку аскер кызматкерлеринин образын жараткан “Кламбер-спаниель” породасындагы итке 3-орун ыйгарылды», — деп билдирген аталган соода борборунан.

Көргөзмөдө тартылган бул сүрөт интернетке тарагандан кийин колдонуучулар арасында кызуу талкууга жем таштады.

Ак калпак күнүнүн демилгечилеринин бири, режиссер Рысбек Жабиров өзүнүн фейсбук барагында Башкы прокуратурага кайрылуу жасады. Ал итке калпак кийгизип, подиумга алып чыгаргандарды жоопко тартууга чакырды.

«Мамлекетибиздин баалуулуктарынын катарында аздектелген, аталардан мурас калган улуттук баш кийимибизди кыргыздар итке кийдирмек турсун, өзүнөн төмөн жерге таштабаган. Алар ойлогондой бул мода дагы, искусство дагы эмес. Ар бир кыргыз үчүн эли, жери, туусу, ак калпагы ыйык. Мен алардын итке кыргыз калпагын кийгизүүсүн кыргыз элин шылдыңдоо, итке теңөө жана улутка болгон наадандык көз караш деп билем», — деп жазды Жабиров.

Анын фейсбукта жазганына 1000дей колдонуучу ой-пикир жазып, бөлүшүшкөн. Алардын көпчүлүгү бул көрүнүшкө терс пикирин билдиришкен.

Фейсбуктун дагы бир колдонуучусу Айбек Мырза аталган көрүнүшкө бийликтин кайдыгер мамилеси күнөөлүү болгонун айтат.

«Бул улуттук намысты тебелеген көрүнүшкө биринчи кезекте өзүбүз күнөөлүбүз, биздин кайдыгерлигибиз, улуттук салтка, наркка, маданиятка, кийимдерге кылган мамилебиз жана бийликтин кылган мамилеси. Улуттук салты эскичилик деп жээригендер, Ак калпак кийген балдарды шылдыңдагандар ж.б. Өзүн сыйлабаган элди эч ким сыйлабайт, теңине албайт», — деп жазды ал.

Жазуучу Олжобай Шакир улутчулдуктун чеги болуш керек деген пикирде.

«[...] Намыс коргоп, намыс талашкандын башка чарасы жокпу кыргызга?! "Анчалык намысыңар бар экен, 6 жылдан берки адилетсиз бийликтин аракеттерине кантип жол берип отурасыңар" деген киши жок бүгүн... Жөн эле кылдан кыйкым издеген улутчулдуктун да чеги болуш керек ко. Улутчул бол, бирок рационалдуу улут бололучу, айланайындар», — деп жазды ал.

Аталган соода түйүндүн өкүлү Батма Казакбаева өзүнүн фейсбук барагы аркылуу иттин башына калпак кийгизген катышуучунун жаман ою жок болгонун айтып, элден кечирим сурады.