Жалал-Абад: Милиция ит аткан жаранга карата кылмыш ишин козгоду

Жалал-Абад облусунунун милициясы итти мыкаачылык менен өлтүрүү фактысын териштирип, айыпталуучуга карата «жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы итти мыкаачылык менен өлтүрүү фактысын териштирип чыкты. Алардын маалыматы боюнча, окуя сентябрь айында Жалал-Абаддын Сузак районунда болгон.

«"Вепрь" маркасындагы курал, айыпталуучунун атасына таандык болуп чыкты. Текшерүү иштеринде куралды сактоого болгон уруксат кагаздарынын мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталды», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Көңүл буруңуз, видеодо жаныбарды өлтүрүү көрүнүшү бар.

Териштирүү учурунда чогулган документтердин негизинде Жалал-Абад ОИИБ айыпталуучуга карата Кылмыш-жаза кодексинин «жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.   

Мурдараак «Инстаграм» колдонуучусу Арген Шерматов өзүнүн аккаунтунда итти атып жатканы тартылган видеону жайгаштырган. Бул видео коомчулуктун нааразылыгын жаратып, кийинчерээк пост өчүрүлгөн.

Ал эми Шерматов өз аракетин «ит көптөгөн көйгөйлөрдү» жараткан деп айтып түшүндүргөн.

«Ал кошуналардын тоокторун жеп, адамдарга тиш салган. Соңку күндөрү кутурма менен ооругандай белгилерди байкай баштадым. Ал эми видеону социалдык баракчама иттен зыян тарткан кошуналарым көрсүн деп жүктөп койгом», — деп айтып берген ал.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодекси боюнча жаныбарларга карата мыкаачылык кылуу үчүн 10 миң сом штраф же 150 саатка чейин коомдук иштерге тартуу менен жазаланат.


ТЕМА БОЮНЧА: