Батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча мурдагы министрге 5 млн сом штраф салынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевди генерал-майор наамынан ажыратып, ага 5 млн сом штраф салды. Ага кызматтык турак жайлары болгон аскерлерге «Жал» кичи районунда батирлерди мыйзамсыз бөлүп берген деп айып тагылды.

Башкы прокуратуранын өкүлү «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, сот Өмүралиевди кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча күнөөлүү деп таап, ага 5 млн сом айып пул салуу менен генерал-майор наамынан ажыратты.

Сот эскирүү мөөнөтү бүтүп калгандыктан калган тогуз фигурантка карата ишти токтотту. Айыпталуучулардын арасында Башкы штабдын начальнигинин учурдагы орун басары Кубанычбек Орозматов бар.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын ишкери алар өкүмдү даттануулары мүмкүндүгүн айтты.

Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынан журналистке расмий сурам жөнөтүүнү өтүнүп, сот чечимине комментарий беришкен жок.

Аскер прокуратурасы 2014-жылы Коргоо министрлигинин жана Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын кызматкерлери үчүн «Жал» кичи районундагы кызматтык батирлердин бөлүнүшүн текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн натыйжасында турак жай комиссиясы кызматтык үйлөрү бар болгон эле аскерлердин ортосунда 30 батирди бөлүштүргөндүгү аныкталган.

Орозалиев менен иштин башка фигуранттары турак жай комиссиясынын курамында болушкан.

Текшерүүдөн кийин аскер прокуратурасы кызмат адамдарына карата «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Кызматтык жасалмалоо» жана «Шалаакылык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.   

Өмүралиевди 2011-2012-жылдары эки жолу коргоо министри кызматына дайындашкан.


ТЕМА БОЮНЧА: