Каракол: Киши колдуу болгон аялдын жакындары айыпталуучу акталганына нааразы

Караколдогу митингчилер. Сүрөт: Турмуш

Ысык-Көл облустук сотунун имаратынын алдында 2016-жылы өлтүрүлгөн Анарбүбү Апсалиеванын туугандары каршылык акциясын өткөрүштү. Каршылыкка чыккандар Апсалиеваны өлтүрүүгө шектелген аялды актаган өкүмгө макул эмес.

Сот имаратынын алдына чогулгандар бул иш боюнча айыпталуучуга адилеттүү чечим чыгарууну талап кылышты.

Ысык-Көл облустук соттун канцелярия башчысы Назгүл Ибраеванын айтымында, митинг эртең мененки саат 10до башталган.

«Алар 10-15 адам болчу. Алар тынч митингге чогулушту, алар 20 мүнөттөй турушуп, таркап кетишти», — деди Ибраева.

Ал митингеден кийин каршылыкка чыккандардын үчөөсү сот төрагасы менен жолугушуп, ишти кайра кароону макулдашышканын кошумчалады. «Алар арыз жазышып, эртең ишти кайра кароо болот», — деди сот канцеляриясынын начальниги.

Караколдогу медициналык коллеждин директору Анарбүбү Апсалиеваны 2016-жылы өлтүрүп кетишкен. Адам өлтүрүүдөн кийин бир нече күн өтүп, милиционерлер кылмыш кылганыгын мойнуна алган Апсалиеванын 39 жаштагы кесиптешин кармашкан.

Сот процесси 2017-жылдын январында башталган. Сотто айыпталуучу тергөө тарабынан кысым болуп жаткандыгын жана аны адам өлтүрүү боюнча күнөөнү мойнуна алууга мажбур кылышканын билдирген.

Сот 2017-жылдын 17-ноябрында тергөө анын бул ишке катыштыгын далилдей алган жок деп эсептеп, айыпталып жаткан аялды актаган.

Судья тергөө айыпталуучунун Апсалиеваны өлтүргөндүгү боюнча төгүндөлбөс далилдерди көрсөтө алган жок деп эсептеген. Айыптоочу тарап болгону соттолуучунун кармалгандан кийинки гана көрсөтмөсүн берген.